www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 8-майда Финполдун мурдагы башчысы Сыймык Жапыкеев саясатчы Равшан Жээнбеков жана Өмүрбек Текебаев менен түшкөн сүрөт тууралуу өзүнүн социалдык баракчасы аркылуу комментарий берди.

Анын айтымында, алар кээде чогулуп, маектешип турушат.

«Достор, ушу кээде ойлойм, журналистер менин жашоомду менден да жакшы билишет окшойт деп, сураныч такталбаган нерсени жазбасак.

Ө.Текебаев, Р.Жээнбеков менен жүрөт экен, алар менен чай ичип отурат деп сүрөтү менен чыгып жүрөт. Анда-санда кезигип чай ичип, өткөн-кеткендерди сүйлөшүп олтуруп калмай жерибиз бар, себеби билимдүү инсандар менен сүйлөшкөн башкача. Сүйлөшсөк тынч эле, тарых жөнүндө сүйлөшөбүз. Эми сүйлөшсө болбойбу?

Достор, дагы бир ирет айта кетейин: Мага эч ким душман эмес, менда аларга же буларга душман эмесмин. Азыр политиканы баарыбыз токтотуп Баткенди карашыбыз керек, экономика өнүксүн дешибиз керек. Кыскасы, тытышпай жашайлы. Садыр Нургожоевичке убакыт берели иштесин. Ар бир сөзүнө жабышпайлы», - деп билдирүү калтырган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости