www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп Марат Иманкулов дайындалды

Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп Марат Иманкулов дайындалды. Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттик аппаратан билдиришти.

Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.

Марат Иманкулов 1960-жылы Чүй облусунунун Онбир Жылга айылында туулган. Улуттук коопсуздук органдарынын генерал-майору.

Билими:

1982-жылы Москва полиграфиялык институтту аяктаган.

Кыргызстандын улуттук коопсуздук органдарында 1986-жылдан тарта иштеп баштаган. 

1998–2001 — Улуттук коопсуздук кызматынын Нарын облусу боюнча башкармалыгынын башчысы;

2001–2002 — Улуттук коопсуздук кызматынын Ош облусу боюнча дирекциясынын башчысы;

2002–2005 — Жалал-Абад облусу боюнча Улуттук коопсуздук дирекциясынын башчысы;

2005-2007 — Улуттук коопсуздук кызматынын Антитеррордук дирекциясынын башчысы.

2007-жылы КМШ өлкөлөрүнүн Антитеррордук борборунун башчысынын орун басары болуп иштеген.

2010-жылы Кыргыз Республикасынын Коопсуздук Кеңешинин катчысы болуп иштеген.

2011-жылы Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын биринчи орун басары, андан кийин президенттикке талапкерлигин койгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости