www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечээ, 13-ноябрда Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда (Бишкек шаары) дүйнөнүн төрт жолку, Европанын эки жолку чемпиону, олимпиада оюндарынын жеңүүчүсү, СССРдин эмгек сиңирген спортчусу Каныбек Осмоналиевдин байгесине арналган оор атлетика боюнча эл аралык мелдеш эркектер арасындагы төрт салмак менен жыйынтыкталды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмѳтүнѳ караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиги билдирди.

Түшкө чейин 89 килограммга чейинки салмактык категориянын катышуучулары күч сынашса, түштөн кийин 96 кг, 102 кг, 109 жана 109 килограммдан жогорку салмактык категорияда жеңүүчүлөр белгилүү болду.

Мелдештин сыйлоо аземине Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын директору Жоомарт Шамканов, дүйнөнүн төрт жолку, Европанын эки жолку чемпиону, олимпиада оюндарынын жеңүүчүсү, СССРдин эмгек сиңирген спортчусу Каныбек Осмоналиев жана башка сыйлуу коноктор катышты.

Жоомарт Шамканов мелдешке келген спортчуларга ыраазычылык билдирип мындан ары да аларга ийгилик каалап өттү.

“Ушул жерде турган спортчулардын арасынан келерки жылкы олимпиада оюндарына катыша турган оор атлетчилер бар деп ишенем. Каныбек агайдын жолун жолдоп ар киминер өз мамлекетиңерге олимпиада оюндарынын медалын утуп келүүңүздөрдү каалайм”, - деп билдирди Жоомарт Шамканов.

Салмактык категориялардын жеңүүчүлөрүнөн сырткары синклер системасы боюнча мелдештин абсолюттук жеңүүчүсү аныкталды. Бул наамга экинчи жыл катары менен Кыргызстандык спортчу, 106 килограмм салмактык категорияда мелдешке катышкан Бекдөөлөт Расулбеков татыды.

Уюштуруу комитети жеңүүчүлөрдөн сырткары жакшы жумуш алып барганы үчүн бир катар калыстарга дагы ыраазычылык баракчасын тапшырды.

Мелдештин жеңүүчүлөрү менен байгелүү орун ээлерине медаль жана дипломдон сырткары акчалай сыйлыктар тапшырылды. Сыйлыктын өлчөмү биринчи орунга 10 миң сом, экинчи орунга 7 миң сом жана үчүнчү орунга 3 миң сомду түздү.

Эскерте кетсек, оор атлетика боюнча эл аралык мелдеш 2019-жылдын 11-ноябрынан тартып 13-ноябрга чейин Бишкек шаарында өттү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости