www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

NazarNews маалымат агенттиги Каныбек Осмоналиевдин уулу Чыңгыз менен байланышып, соттун эки айга камакта калтырган чечими боюнча сүйлөштүк.

--Чыңгыз, Каныбек агайдын адвокаты Акин Токталиев марттан бери  тергөө болбогонун,  сот дагы эки айга камоо мөөнөтүн узартып, психологиялык басым кылып жатышат деп айыптап чыкты.  Адвокаттын айтканында  чындык барбы?

--Адвокат Акин Токталиев чындыкты айтып жатат. Атам камакка алынганына 2 айдын жүзү  болду. Бирок, эмнегедир тергөө жүргөн жок. 2 ай УКМКнын Сизосунда жөн эле отурду. Ал аз болгонсуп, дагы 2 айга узартышты. Таңгалганым прокурор  тергеп, баарын иликтегенге жетишпей жатабыз дебесе деле сот  эки айга узартып койду.

--Тынчтык өкүм сүргөн маалда кимдир бирөөгө каршы көрсөтмө алуу аракети болчу  эле. Каныбек агайга андай сунуш түшө элек бекен?

--Азырынча белгисиз. Мүмкүн тергөө башталганда аны камакка алгандар эмне каалап жатканы билинеттир.

--Каныбек агайдын ден соолугу жайында элеби?

--Атамдын ден соолугу барган сайын начарлап жатат. Канты көтөрүлүп, врачтар дарылануу зарылдыгын айтып, справкаларды жазып беришти. Бирок, ага  карабай кайра камоонун мөөнөтүн узартып коюшту.

Коронавирус жайылгандан бери Түркияга окшогон айрым мамлекеттер  50 жаштан өткөндөрдү ооруу жугузуп албасын деп түрмөдөн коё берип жатышат. Бизде болсо кайра камоо мөөнөтүн узартышууда. Атам 64 жашка чыкты. Ден соолугу да жайында эмес. Көп ооручу. Кооптуу илдет жугуп калса, ким жооп берет. Саясый заказ менен камагандан кийин кичине ден соолугун да эске алып коюшса жакшы болот эле.

--Атаңыз менен жолукканда эмнелерди сүйлөшөсүңөр?

--Биз атама дайыма эле жолуга албайбыз. Соттон гана жолугабыз. Анын ден соолугуна санаркайбыз. Атам болсо, бизди чыйралтып, сынбагыла, чөкпөгүлө. Буюрса баары жайында болот. “Ак ийилет, бирок сынбайт” деп кубат берет. Өзүнүн ак экенине, мыйзам бузбаганына ишенет.

 Булак: NazarNews.kg

Последние новости