www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда 2022-жыл Тоолордун экосистемасын коргоо жана климаттык туруктуулук жылы деп жарыяланганы Кыргызстанга эл аралык аброй гана эмес, көп инвестицияларды алып келүүгө мүмкүнчүлүк берет. Мындай пикирин саясатчы Каныбек Иманалиев билдирди.

«Кыргызстанда 2022-жыл Тоолордун экосистемасын коргоо жана климаттык туруктуулук жылы деп жарыяланганы Кыргызстанга эл аралык аброй гана эмес, көп инвестицияларды алып келүүгө мүмкүнчүлүк берет. Өкмөт атайын дирекция түзүп төмөндөгү иш-чараларды өткөрүүсү зарыл:

• Тоолуу өлкөлөр менен биргелешип БУУнун астында жыл сайын тоолуу өлкөлөрдүн саммитин жана ушул темада эл аралык конференцияларды өткөрүп, Кыргызстанды тоолуу өлкөлөрдүн дүйнөлүк ордосуна айландыруу. Бул иш-чарага БУУнун Башкы секретарын Кыргызстанга чакыруу;

• Тоолуу өлкө катары тышкы карыздарды кечүү же азайтуу боюнча дүйнөлүк финансы институттарга кайрылуу;

• Кыргызстандагы тоолуу айылдарды өнүктүрүү программасын иштеп чыгып, донор өлкөлөргө кайрылуу;

• Дүйнөдө «жашыл экономика» фондунун бюджети 1 триллион доллар түзөт, ошол фондго атайын долбоорлор менен кайрылуу», - деп белгилегн Иманалиев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости