www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги Бишкек травматология жана ортопедия илим-изилдөө борбору Шаардык клиникалык тез жардам ооруканасы болуп кайра түзүлөрүн кабарлады.

Аталган министрликтин маалыматына караганда, Шаардык клиникалык тез жардам ооруканасы бишкектиктерге капыстан катуу ооруп калганда, травма алганда, бөөдө кырсыкка кабылганда, ууланганда, кырсыкка туташ (жапырт) кабылганда ыкчам, күнү-түнү кабыл алган көп профилдүү, адистештирилген медициналык жай болот.

Министр Алымкадыр Бейшеналиев айрым ЖМКларга Травматология борборунун жетекчиси Сабырбек Жумабеков мекемени жеке менчигине айландырып алганын айтып, айыптаган жайы да бар. Коомчулукта талкуу жараткан бул маселе боюнча министрдин өзүнөн комментарий алууга мүмкүн болгон жок. Ал эми профессор Сабырбек Жумабеков редакциянын бир нече суроосуна жооп берди.

— Сабырбек Артисбекович, Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборун Шаардык тез жардам ооруканасы кылып өзгөртүү пландалып жатпайбы. Бул мекеме мындан ары көп профилдүү болот деп жатышат. Мындай өзгөртүүнүн элге пайдасы барбы? Оюңуз кандай?

— Мындай өзгөртүүнүн зыяндан башка пайдасы жок. Себеби бул жай оорукана гана эмес, илимий борбор болгондуктан чет өлкөлүк өнөктөштөр ошол даражасына карап бизди тааныйт, сыйлайт жана эсептешет. Илим болгон жерде гана өсүш болот. 18 жыл ичинде жаңы технологиялардын негизинде олуттуу операцияларды жасап, КМШ өлкөлөрүнүн ичинен үлгүлүү илимий борбор болуп чыга келдик. Эл аралык деңгээлде таанымал болгон борборду чаап жок кылып, жөнөкөй ооруканага айландырсак анда биз 50 жыл артка кеткен болобуз. Илимий борбор бир нече жолу Кыргызстанда, анын ичинде Ысык-Көлдө Евразия конгрессин өткөрдү. Ал эми Италияда өткөн бул конгресске Кыргызстандан 124 дарыгер барды. Каржылоону чакырган тарап толугу менен өз мойнуна алган. Бул эмнени билдирет? Бул кыргыз травматологиясынын жогорку баскычка чыкканын, биз менен эсептешип, сыйлаганынан кабар берет. Илимий-практикалык борбор болгондуктан ар бир операция илим-билим аркылуу такталып, талданып, анан гана жасалат. Фундаменталдык изилдөөлөр жүргүзүлөт. Дүйнөдө биринчи жолу бийик тоолордо сөөктүн өсүшүн анализдеп жаңылык киргиздик. Борбордо 130дан ашык жаңы илимий ачылыштар жасалды. Анын баары патент менен бекитилген. 67 жаш уул-кыздарыбыз диссертациясын жактады. 900дөн ашык илимий эмгек жарыяланды. Анын жарымынан көбү чет өлкөдө чыгып жатат. 20га жакын дүйнөлүк ири медициналык мекемелер менен келишим түзүлгөн. Алардын ону КМШ мамлекеттериндеги биздикиндей профилдүү борборлор. Коңшу мамлекеттер мындай борборду колдоп жатса, биз жапканы жатабыз. Өлкөдө илимий мекеме болбосо илимпоз жаштар, аспиранттар көчөдө калат. Алар жөнөкөй эле дарыгерге айланат. Диссертациялар жакталбай, ойлоп табуучулук өнөр өчөт.

Москвада Склифосовский атындагы институт, Санкт-Петербургда Дженалидзе атындагы институт бар. Алар дагы биз сымал мэрияга баш иет. Себеби шаарда кырсык болуп кетсе, адамдар жабыркаса, анын баары мэрге тиешелүү болот. Мэр ошолорду көзөмөлдөп карап турушу керек. Ошондой прототипти, образды биз бул жакка которгонбуз. Министр Бейшеналиев жаңы ооруканага тез жардам берилет деп айтып жатпайбы. Биз ансыз деле күнү-түнү иштейбиз. Кырсык болсо биринчи бизге алып келишет. Күйүк алгандар, уулангандар дагы бизде дарыланат. Шапке алмаштыруудан зыян гана тартабыз.

18 жыл ичинде 240 миң адамга операция жасап, дарыладык. Бүгүнкү күндө күнүнө 50гө жакын операция жасалат. Бул эмне деген сандар? Кыргызстандын булуң-бурчунан келишет. Учурда менден да күчтүү окумуштуулар чыгып келе жатат. Ошолор чыгып, бутуна туруп, профессор болгондо мен деле ордумду жаштарга бошотуп берем. Министрдин атагы чыккан таанымал илимий борборду чаап жок кылам дегени кыргыз мамлекетине болгон чыккынчылык деп эсептейм.

— Министр Бейшеналиев менен бул боюнча сүйлөштүңүз беле? Чакырып пландары менен бөлүшкөн эмес беле?

— Бул киши мени чакырмак турсун менден качып жолукпай жатат. Бизге келгенде оорукана кылам деп айткан эмес. Кийин ЖМКга айткан экен, мен ошол жактан уктум. Эки күн унчукпай чыдадым. Мени "борборду менчиктеп алган, коррупционер" деди. Мамлекетке кайтарам деп жатыптыр, мамлекетке эмнесин кайтарат? Ансыз деле мамлекеттик мекеме да. Мамлекеттик болгону үчүн айлык алып иштеп жатабыз. Бул кишинин жалган сүйлөгөнүнө бул жакта мен уялып турам.

— Президентке да кайрылдым дедиңиз, кат жолдодуңузбу же сүйлөштүңүзбү?

— Президентке видео кайрылуу жасадым, эми кат жүзүндө жамааттагы 200 адам кол коюп жөнөтөбүз.

— Иштен кетүүгө даярмын дептирсиз, чет жактан да сунуштар түшүп жатыптыр. Кетип калышыңыз мүмкүнбү?

— Мен кантип кетем? Мен эч жакка кетпейм. Мен күрөшөм! Себеби артымда 200гө жакын дарыгер, 800гө жакын кесиптештерим бар. Андан тышкары, аспиранттар, ординаторлор, илимий кызматкерлер турат. Алар болочоктогу илимдин докторлору. Мен басып кетсем алардын тагдыры эмне болот? Ошол жүрөктү өйүтүп турат. Бирок эгер президент "кете бер" десе, албетте кетем. Себеби ал кишиге ишенем, ишенген үчүн кайрылып жатам. Келечекте Кыргызстандын медицинасы өнүгөт деген чоң үмүтүбүз бар. Катардан грант утуп алганбыз. Ага 500 орундуу жаңы имарат курулат. Ошонун долбоору бүтүп, февралда президент келип капсула салмак. Орто жолдо министр чыга калып иштин баарын бузду. Бул киши кет десе эле кетип калмак белем, күрөшөм. Бирок эгер президент кет деп айтса, анда, кечирип койгула, бул чоң саясатпы деп ойлойм. Мен саясатчы эмесмин. Анда мен кесиптештерим менен кошо чет өлкөгө чыгып кетем.

Редакция ушу тапта саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин жообун күтүүдө. Өзү менен байланышууга мүмкүн болбой жатат.

Булак: "sputnik.kg"

Последние новости