www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мамлекеттик кызматкер артынан сөз ээрчитпеген, таза элге үлгу болушу керек. Кадр тандоодо төгөрөгү төп келсе, анан маанилүү жумушка алуу парз. Эл аралык практика ушундай дыкаттыкты талап кылат. А биздечи?

Ушул өңүттөн бир мисалга токтололу. Эмесе, ачык-айкындуулук үчүн президенттин иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаевге суроолорду жолдойлу.

- Каныбек мырза, чет элдик ишкерлерден 12 миллион доллар алдап алганыныз чынбы? Бул сумманын аз гана бөлүгүн жол салууга, курулушка жумшап, кымбат баалуу белектерди алып, калганын пайда катары сиңирдиңизби?

- Учурдагы майлуу кызматынызга акчанын күчү менен келгениңиз ыраспы?

- Мурдагы шефиңиз Икрам Илмияновдун артынан телчигип, байып алгансызбы? Азыр аны менен катташпай калдызызбы?

- Бизнести кандай жол менен баштаганыңызды айтып берсеңиз?

- 2020-жылы Биримдик партиясынын алдынкы катарында парламенттик шайлоого аттангансыз. Тизмеге кирүү үчүн 1 миллион доллар төлөдүңүз беле?

- Асылбек Жээнбеков менен жылуу мамилеңиз бат эле үзүлдүбү?

- Башынан мамлекеттик кызматта иштебей эле президенттин иш башкармалыгын жетектөө оорчулук жараткан жокпу?

- Сизге карата коллектив тымызын түрдө нааразыбы? Маанилүү кызматты алып кетүүгө тажрыйбаңыздын жетпегенин кандайча түшүндүрөсүз?

- Улам келген бийликтин лөктөрүнө жол таап, кантип арбап аласыз? Сыры эмнеде? Көз боочу, же сыйкырчылык жайыңыз барбы?

Булак: Азия News гезити

Последние новости