www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Эки өлкөнүн лидерлеринин жолугушуусу келечекке кеңири жол ачты», - деди бүгүн, 28-майда NazarNews маалымат агенттигине Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча Улуттук комиссиянын төрагасы Каныбек Осмоналиев.
- Каныбек агай, Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаевдин Кыргызстанга расмий сапар менен келип, бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлду. Мындан ары мамиле бекемделип, ишибиз илгерилейби?
- Казакстандын президенти Касым-Жоомарт Токаевдин Кыргызстанга жасаган расмий сапары абдан жемиштүү болду десек толук жарашат.
Аалгачкы эгемендүүлүк жылдарыбыздагы кыргыз-казак мамилелеринде кандай гана эпикалык ой-жоромолдор болбоду! Миң жылдык дос болдук дешип, дүйнө жүзүнө жар салып жүрүшүп, бирок бүгүнкү күнгө чейин элементардык деп эсептелген бажы өтмөктөрүнүн көйгөйлөрүн чече албай келишти го?
Ооба, мен түшүнөм, бул маселеде криминалга малынып алышкан эки тараптын тең бажычылары күнөлүү болушту. Бирок, аны бир жаңсыл кылып чечип коюга кудуреттери жетбей эки тараптын расмий бийликтери кайдыгерлик менен мамиле кылып келишти.
Натыйжада, жөнөкөй эл, катардагы ишкерлер жабыр тартып калышты. Ал эми кечээги жолугушуудагы эки тараптуу документтерге кол коюу иштерине келсек, мен байкагандан акыркы 12 жылда биринчи жолу масштабдуу маселелер каралыптыр.
Айрыкча, 2003-жылдан бери келе жаткан жана азыркы талаптарга жооп бере албай калган Союздук мамилелер жөнүндөгү келишимди жаңылоо боюнча макулдашууга жетишүү - бул жакшы жетишкендик.
Биргелешкен индустриялык соода-логистикалык комплексин куруу боюнча расмий старт берилди. Өз ара сооданы 2 млрд $ га жеткирүүгө арналган амбициялуу аракеттер дагы дурус болду.
Жүктөрдү эки өлкөнүн чек араларынан кынтыксыз алып өтүү боюнча иш-сапарлар реалдуу жүзөгө ашырыла турган болду. Эми өкмөттөрүбүз таза жана ыкчам иштеп беришсе экен деген гана тилек.
Булак: NazarNews.kg