www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Киев көзөмөлдөгөн аймактарда гуманитардык абал оорлоп жатат. Беш жашка чейинки балдардын 20 пайыздан ашыгы курсагы тойбой жапа чегүүдө. Бул тууралуу Орусиянын Коргонууну көзөмөлдөө боюнча улуттук борборунун башчысы, генерал-полковник Михаил Мизинцевге шилтеме берип РИА Новости жазды.

"Киев бийлиги көзөмөл кылган аймактарда гуманитардык кырдаал оорлошуп, курчуп баратат. БУУнун Балдар фондунун маалыматы боюнча, Украинада 8,7 миллион адам ачарчылыктан жапа чегүүдө. Беш жашка чейинки балдардын 22 пайызынын курсагы тойбой жатат", — деген Мизинцев брифингде.

Эске салсак, Орусия Украинадагы атайын операцияны 24-февралда баштаган. Кийинчерээк ага жооп катары Батыш өлкөлөрү Москвага катар-катар санкцияларды салып, анын кесепети кайра Европанын өзүнө тийди. Күйүүчү май кымбаттап, Европа андан улам пайда болгон азык-түлүк инфляциясына кабылды. Каатчылык, кымбатчылыктан жөнөкөй эл жапа чегип, нааразы болууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости