www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Донбасс үчүн долуланып жаткан Орусия өз тилегине жете тургандай. Батыштын айтуусунда Орусия Украинаны бөлүп Чыгышына көзөмөлдүк кылууну эңсеп турат. Кээ бир облустар согуш эртерек бүтүшүн каалап турушат. Украинанын Херсон облусу Донецск Элдик Республикасы жана Луганск Элдик Республикасы сыяктуу өзүнчө эгемендүү республика болууну каалабайт. Аймактын аскердик-жарандык администрациясынын башчысынын орун басары Кирилл Стремусовдун билдиргенине караганда, ал түз эле Орусиянын курамына кирүүнү көздөйт: "Биз өзүнчө эгемендүү республика болууну пландаган жокпуз. Биздин негизги максат — Россия Федерациясынын курамындагы субъект болуу", — деди ал.
Ошол эле учурда Стремусов белгилегендей, аймак өз тагдырын өзү аныктоо боюнча референдумга шашылган жок: "Референдумдун жыйынтыгын баары бир Батыш өлкөлөрү тааныбайт. Демек, аны бүгүн өткөрүү убакытты текке кетирүүгө барабар. Ошондуктан, референдум өткөрүү тууралуу ойлонгон да жокпуз", — деди администрация башчысынын орун басары.
Анын айтымында, алгач бейпил турмушту толук орнотуп, бийликтин бардык бутактарын калыптандырып, белгилүү бир стабилдүүлүккө жетип, социалдык-экономикалык секторду куруп, эмгек рыногун ишке киргизүү керек: "Орусияга интеграциялашуу боюнча планыбызга ылайык, биз жылдын аягына чейин Орусия мыйзамдарынын бардык стандарттарына өтүү процессин бүтүрүшүбүз керек. Андан кийин гана референдум жана биздин келечектеги статусубуз жөнүндө чечим кабыл алабыз", — деди ал.
Орусия аскерлери Херсон аймагын марттын ортосунда көзөмөлгө алган. Шаарларда жана райондордо граждандык-аскердик башкармалар түзүлгөн. Ошол эле маалда украин аскерлери Николаев тараптан аймакты тынымсыз аткылап, Киев бийлиги ал жерде уюлдук байланышты өчүрүп, жергиликтүү тургундарга пенсия төлөөнү токтотуп койгон.
Херсон облусунун жетекчилиги аймактын Орусияга кошулары тууралуу бир нече жолу айткан. РФ президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков белгилегендей, бул маселени аймактын тургундары өздөрү чечиши керек жана ал Крымдагыдай так текшерилип, мыйзамдуу негизделиши зарыл.
Херсон облусунун Геническ районундагы дарыкана менен май куюучу бекеттерде рубль менен эсептешүүгө мүмкүнчүлүктөр жаралды. Геническидеги май куюучу бекеттерде күйүүчү майдын, тагыраагы, АИ-92 үлгүсүндөгү бензиндин 66 рублден сатылып жатканы белгилүү болду. Колонкада "гривна" жана "руб" деген жазууларды ал жерден тартылган видеодон көрүүгө болот.
"Рубль менен да, гривна менен да эсептешип жатышат. Биз жакындан тарта эле иштеп баштадык, үзгүлтүккө учурай элекпиз. Эртең экинчи партиясын алып келишет. Күнүнө 2-3 кубдан сатып жатабыз", — деген май бекеттин кызматкери.
Геническ районунда дарыканаларда да рубль менен гривна катар колдонулууда. Кире беришке эки валюта менен тең соода кылууга болорун жазып коюшкан.
Аймактын аскердик-жарандык администрациясынын башчысы Владимир Сальдо буга чейин 25-майдан тарта Херсон облусунда расмий түрдө бивалюталык аймак киргизилип жаткандыгын айткан. Мындан сырткары, аталган региондо эсеп ачууга арыздарды кабыл алуу үчүн россиялык банктардын биринин бөлүмү ачылары да кабарланды.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg