www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Эми президент министрлерди өзү катуу текшерүүгө алып турушу зарыл», - деди бүгүн, 12-мартта NazarNews маалымат агенттигине профессор Каныбек Осмоналиев.

- Президент парламент трибунасынан ынтымакка келели деп, бардык күчтөрдү биримдикке чакырды. Эми жаңы ишке киришкен министрлер президент менен Жогорку кеңешти уят кылбай иштеп кетише алабы?

-  Президент Садыр Жапаровдун парламентке барып, кайрылуу жасаган кадамдары жакшы жөрөлгө. Муну эң маанилүү болгон эки бийлик бутактарын биримдикке үндөй турган дурус аракет деп баалашыбыз керек.

Өлкө башчысы депутаттардын жана президенттин алдында ант беришкен бир нече министрлерге жакшы тилек айтып, алардын эл алдындагы чоң жоопкерчиликтерине көңүл бургузду. Айрыкча, министрлердин кыймыл-аракеттери, жасаган иштеринин натыйжалары бүгүнкү аткаруу бийлигинин жүзү болоорун эскерткени туура болду.

Анткени, так ушул министрлер көптөгөн элдик дооматтардан баштары чыкпай, аткарган жумуштарынын натыйжалары жок, көбү мажирөөлүктүн кучагынан чыга албай, ишенип тапшырган тармакты артка тартып, керек болсо талкалап салып кетип калып жатышпайбы!

Аягында андай эргулдарды кызматка сунуш кылган президент менен аларды кубаттап жактырып добуш берген парламент катуу сын пикирлерге алынып калып жатышат. Президент өз сөзүндө «Иштемиш эткен түр көргөзүп, эч кандай жылыштар байкалбаса, ага кошумча ар кандай мыйзамсыз аракетиңер байкалса, бүтүндөй министрликтин аброюна, ал тургай, жогоруда белгилегенимдей, бүтүндөй бийлик системасына объективдүү сын айтылары турган иш» - деп баса белгиледи. Менимче туура жана убагында айтылды.

Анткени, азыр дүйнөлүк курч чакырыктар катуу күч алып турган кези. Бул кырдаалга туруштук бере турган биздин экономикалык абалыбыз дал ушул Министрлер Кабинетинин колунда.

Мени ойлондурган маселе, президенттин талаптарына адекваттуу реакция беришип, министрлерибиз реалдуу натыйжа менен иштеп кете алышабы? Же эркелеген абалдарынан чыга алышпай, эйфориянын кучагында жүрө беришеби? Кээ бирлеринин иш графиктерин жана жасаган кадамдарын, сүйлөгөн сөздөрүнүн деңгээлин жана мазмунун көрүп, угуп алып ушундай дагы ойго келет экенсиң!

Эми президент министрлерди өзү катуу текшерүүгө алып турушу зарыл го? Эч кандай айоо болбошу керек. Азыр өлкөнүн тагдыры кылдын учунда турат. Комформист, убактылуучулук менен утурумчулукка малынып алышкан министрлер дагы деле арбын.

Айрыкча, социалдык тармактарда. Билим берүү, илим, маданият, медицина жана социалдык камсыздандыруу саясаттарында алигиче эле «бармак басты, көз кысты» болгон зыяндуу иштер арбын болуп келет. Качанга чейин ушундай болушу керек?

Менимче, президент ушундай ойлордон кийин анан, жогорудагыдай катуу сөздөрдү айтты да! Эми көрө жатаарбыз. Министрлер туура жыйынтык чыгарып, популизмди жыйыштырып, реалдуу натыйжаларды беришээр деген эле үмүт!

Булак: NazarNews.kg

Последние новости