www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 12-март күнү, Жалал-Абад шаарында “Тоолордун экосистемаларын коргоо жана климаттык туруктуулук жылына” карата “Жашыл мурас” бак тигүү өнөктүгү өттү. Бул тууралуу калаа мэринин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, ага шаар мэри Эрнисбек Ормоков баштаган жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн аппарат жетекчиси Исламбек Масабиров, шаардагы мекеме-ишканалардын жетекчилери жана кызматкерлери, мугалимдер катышты.
Акциянын алкагында Жалал-Абад шаарындагы З. Жамашев жана Р.Азимов көчөлөрүнө 100гө чукул можжевельник көчөтү тигилди. Алдыда “Тоолордун экосистемаларын коргоо жана климаттык туруктуулук жылына” карата бак-дарактарды отургузуу иши улантылат.
Жалпысынан 2022-жылы, Жалал-Абад шаарында 30миң даана туя брабант, 5миң даана павловния жана миңден ашуун башка бак-дарактардын көчөтүн отургузуу пландалган.
Белгилей кетсек, КР президенти Садыр Жапаров “Тоолордун экосистемасын коргоо жана климаттык туруктуулук жылынын” алкагында бүгүн, 12-мартта, "Ала-арча" мамлекеттик жаратылыш багынын аймагында ийне жалбырактуу көчөттөрдү отургузуп, "Жашыл мурас" улуттук өнөктүгүн баштады.
Аталган өнөктүк өлкөнүн бардык аймагында уланууда.
Булак: NazarNews.kg