www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Европадагы согуштун мындан ары тутанышы бүткүл дүйнөгө кедергисин тийгизет, ошон үчүн тынчтыкты сактап калуу маанилүү», - деди бүгүн, 4-мартта, NazarNews маалымат агенттигине саясатчы профессор Каныбек Осмоналиев.

- «Газ согушу» эми кандай багытта өнүгөт?

- Мен «газ согушун» Батыш Европа менен АКШнын Орусияга каршы экономикалык санкциясынын туундусу катары эле баалап келем. Орусия Европанын газ рыногунда лидерлик позицияны ээлеп келгендиги маалым.

Орустар газды «Северный поток» аттуу түтүк долбоору менен иш жүзүнө ашырып келе жатат.  2021 - жылдын сентябрында анын 2-фазасы дагы ишке берилген. 

Мындан сырткары «Голубой поток», «Ямал-Европа», «Турецкий поток», «Прогресс» «Уренгой-Ужгород», жана «Союз» аттуу газ долбоорлорун эске алсак, европалыктар чынында эле орустардан катуу көз каранды болуп калгандыктары байкалат.

Чынында эле Орусиянын газ берүү үлүшү Германиянын баардык муктаждыктарынын 48,1%ын камтыйт экен.

Бул абдан чоң көрсөткүч. Ушундай эле үлүштөр: Италияда - 20,9%; Голландияда - 38,6%; Турцияда - 16,4%; Францияда - 14,0%; Польшада - 9,7%; Англияда - 8,9% ж.б. баары болуп Орусия Европанын 25 өлкөсүнө газ сатат экен!

Эми абал курчуганда Орусиянын башчылары газга болгон эсеп-кысапты рубль менен аткарасыңар деп чыкты. Европа алгачкы ирет каршы чыкты. Эли кыйнала баштаганда сүйлөшүүлөрдү баштайлы деп жатышат. Орусия болсо, Украинага болгон курал-жарактарды берүүгө каршы чыгууда.

Иши кылса абал оор. Жакшы тилек менен үмүт артуудан башка айла жок. Чыгыш Европадагы согуштук оттун мындан ары катуу тутанып кетиши бүткүл дүйнөгө кедергисин тийгизбей койбойт.

Ошондуктан, тынчтыкты сактап калуу абдан маанилүү болуп турат. Биздин өлкө башчыларынын адилеттүүлүк бейтарап үчүн аракеттери ушул коркунуч менен байланыштуу. Бул туура позиция

Булак: NazarNews.kg

Последние новости