www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президент Садыр Жапаров Бишкекте өтүп жаткан социалдык тармактын кызматкерлеринин республикалык жыйынында кыргызстандыктарды той-топурду азайтып, каражатты ысырап кылбоого чакырды.
Өлкө башчысы мекендештерге, жалпы эле кыргызстандыктарга ачык айтып, кайрылды: "Ооба, азыр абал оор. Бардык жерде кымбатчылык. Баалар өстү. Жумуш жок. Эң зарыл деген нерселерге акча табуу кыйындап баратат. Дүйнөдөгү акыркы окуялардан улам, кырдаал мындан да начарлап кетиши мүмкүн. Биз буга даяр болушубуз керек.
Баарыңыздардан чыгымдарды кайра карап чыгып, кымбат буюмдарды сатып алууну кийинкиге жылдыра туруп, той-топурду азайтып, каражатты ысырап кылбоого чакырам. Мен өз жарлыгым менен сөөк коюу каадасында мал союуга чектөө киргизгенимди билесиздер. Бүгүнкү күндө мамлекеттик деңгээлдеги да, ар бир үй-бүлөнүн деңгээлинде дагы эң негизги маселе — бул азык-түлүк коопсуздугу.
Айдоо жерлерибиздин бир метр жерин да кысыр калтырбайлы! Жаздын ар бир күнүн жер менен иштөөгө жумшооңуздарды өтүнөм. Жаздын бир күнү — жылга тете! Мамлекет ар бир кыргызстандыкка социалдык жактан кам көрүү үчүн бар күчүн аянбайт. Буга бөркүңүздөй ишене берсеңиздер болот", - деди президент өз кайрылуусунда.
Белгилей кетсек, Бишкекте президенттин катышуусунда социалдык чөйрөнүн кызматкерлеринин республикалык жыйыны өтүүдө. Өлкөнүн бардык аймактарынан билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият жана социалдык коргоо тармактарынын өкүлдөрү катышып жаткан иш-чарада республиканын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн актуалдуу маселелери талкууланууда.
Булак: NazarNews.kg