www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Калган экс-президенттерди да Атамбаевдикиндей эле жаза күтүп турат», - деди бүгүн, 5-апрелде, NazarNews маалымат агенттигине профессор Каныбек Осмоналиев.
- Атамбаевдин соту акыркы мезгилде коомчулуктун көңүл борборуна алынууда. Анын соту аёосуз шартта өтүп жаткан жокпу?
- Өзү кыргыздардын илгеркиден бери эле бетке айтып келген бир укмуш макалы бар. Ал: «Шишиң толду!» - деген кеп. Тээ Акеаевдин заманынан бери эле системалуу коррупция уламдан-улам күчөп отурбадыбы?
Жөнөкөй элдин жонунан кайыш тилинип алынып, кыргызстандыктардын жарымынан көбү карайлап, кембагалчылыктын каардуу чеңгээлине түшүп кетти. Төрөлөр уурулук, сүткордук, көпөстүк кылмыштар менен уялбай эле алектенип калышкан.
Башкача айтканда, шиштери толгон. Ошондуктан, Атамбаев биринчи болуп тергөөдөн башы чыкпай, соттордун чеңгээлине түшүп отурат. Калган экс-президенттерди деле ушундай эле жазалар күтүп турат. Кеп качан экендигинде гана болууда.
Демек, соттук териштирүүлөр абдан аёосуз шарттарда өтүүдө. Анткени, элдин талабы ошондой. Карапайым элдин дагы убалы бар го, акыры!?
Атамбаевдин башына түшкөн мүшкүл иш, албетте өтө оор. Анын бетин ары кылсын, Жараткан! Анан сөзсүз түрдө ден-соолукка доо кетет, да? Эгер врачтар анын оорусун сот отурумуна катышууга мүмкүн эмес деген тыянак чыгарышса, мыйзамга ылайык аны эч ким бузууга акысы жок. Убагында медициналык жардам берүү абзел. Менимче, Атамбаев биринчи кезекте өзү сот отурумунун бачым эле бүтүүсүнө кызыкдар болуусу керек.
Ар кандай шылтоо айтып, соттон качуу анын өзүнө эле көптөгөн азап чегүүлөрдү алып келет. Кээ бир өлкөлөрдө айыпталган президенттерди орулуунун керебети менен сотко алып келишкен учурлары деле болгон.
Мисал үчүн, Египеттин президенти, Хосни Мубаракты. Андай мисалдар толтура. Мен эми андай катуу аракеттерди дароо эле колдоно салгыла деген жокмун. Бирок, көп адам катышкан сот процесси түбөлүк эле уланып-узарып кете бербеши керек да?
Алмаз Атамбаев кайратын кармап, өзү сот ишин тез бүтүрүү аракетине өтсө баарына жакшы болмок. Биринчи кезекте, жакындарына, үй-бүлөсүнө жана адилеттүүлүктү күткөн адамдарга.
Булак: NazarNews.kg