www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ысык-Көлдө аке деген атты саналуу гана адамдарга ыйгаргандай эле баатыр деген атты да кыргыз чанда бир адамга, чыныгы баатырларга гана берген. Өз доорунда, өз мезгилинде баатыр аталган, ошол учурдун санжырачылары баатыр деп тааныган адамдар гана чыныгы баатырлар болгон.
Анара Кидиева - журналист: Кийинки мезгилде элибизде кечээки күнгө каратабы же бүгүнкү күнгө каратабы баатыр деген түшүнүк көбөйдү, баатырлардын мааракеси деген той-топурлар көбөйдү. Чындыгында элибиз баатыр деп кимди айткан, кандай учурда айткан, ошону талкууга салууну туура көрүп жатабыз.
Бейшенбек Бекшов: Баатыр деген маселени конкреттүү бир баатыр менен байланыштырбасак, тема ачылбай да, чечилбей да калчудай. Ошондуктан, мага көбүрөөк белгилүү, көбүрөөк түшүнүктүү бир баатыр Балбай баатыр Эшкожо уулунун мисалы менен талкууласак деген сунушум бар. Анын үстүнө анын 200 жылдык мааракеси деген иш-чаранын да чети көрүнүп жаткансыйт.
Бул инсандын артында талаш-тартыш маселелер да жок эмес. Мындан 20 жыл илгери Балбай баатырдын 200 жылдыгы деген иш-чара еткен эле менин туугандарымда. Ысык-Көлдүн Түп районунда. 150дей боз үй тигилип, күмбөзү көтөрүлүп, толгон илимий-маданий программалар уюшулуп, соң той өткөн болчу.
Бирок ошондо илимий жактан бир калпыстык кетип, Балбай баатырдын туулган жылына дээрлик 20 жылдык жаңылыштык кетиптир. Көрсө Балбай баатырдын 200 жылдыгы 20 жыл илгери эмес, мына азыркы кезде белгилениши керек экен. Муну биздин Рыскул Жолдошев деген илимпоз агайыбыз илимий жактан далилдеп басма сөзгө таратты.
Бердибек Жумабаев - доцент: Эң эле оор маселе бул улуттун кызыкчылыгын коргоо, улутту сактап калуу, анын мыкты жетишкендиктерин дүйнөгө көтөрүп чыгуу. Ошол ишти жасагандар дайыма эле жыргабайт.
Андай иштин кууралы бар, тозогу бар, жыргалы да бар. Ошол 19-кылымдын орто чениндеги окуялар, Кыргызстандын ошондогу абалы өтө эле oop болгон. Кыргыздар чачыранды болуп турган кезде башка мамлекеттер көтөрүлүп чыккан. Ошо кезде элди сактап калуу маселеси бирден бир биринчи орунда турган. Мына ошондо улуттун кызыкчылыгын коргогон, ал үчүн жанын аябаган адамдарды баатыр деп айтсак болот.
Чыныгы баатырлар ошолор. Экинчи, баатыр деп айтчу кишилер элдин оозунда баатыр деп атак алып калган адамдар. Ошолор чыныгы баатырлар. Кээ бирөөлөрдү канчалык баатыр деп атасак да анын негизи болбосо ал өзүнөн өзү унутулуп жок болот.
Ошол Балбай бабаларыбыз, Ормон бабаларыбыз жашаган кездер ушундай кыйынчылыкка туш келип калган. Ошолор элибизди сактап, ушул деңгээлге жеткирүүгө салым кошкондордон болот.
Балбай бабабыз жөнөкөй элдин арасынан суурулуп чыккан эр болгон. Тайманбас, кайра тартпаган, чыныгы баатыр болгон. Абдан чоң сыйга ээ болгон. Уруу башчы болгон. Аны кийинки колонизаторлордон сактап, Текеске алып барып катып, эл ошентип коргогусу келген.
Бирок күч тең эмес болгон. Акыры аны ар кандай кошоматчыларды пайдаланып таап алып, ууландырып жок кылышкан. Туугандары, Көл, бүтүн кыргыз эл көтөрүлүп 20 жыл илгери мааракесин белгилегени туура эле болгон. Илимий тактоо менен азыр дагы бир жолу белгилесе андан жакшы болмок.
1-2 жыл ары бери болуу чоң маселе эмес. Чоң маселе анын тарыхый орду, эрдиги, баатырлыгы.
Бейшенбек Бекешов: Көп кишилер айтып жүрөт бизге эгемендүүлүк өзүнөн өзү эле келип калган, асмандан түшкөндөй болуп деп. Тарыхты билбей, билсекда ой жүгүртпөй маңкурт болуп баратабызбы деп да ойлойм. Тарыхый узак жолунда кыргыз көргөн кордукту анча-мынча элдер көргөн эмес.
Кечээки Үркүн деген эле эмне деген тарых! Ал турсун менин туугандарым Көлдөгү Мойт аке каза болгонго чейин өлгөндө сөөгүн да ошо жерге коё албай, түштүккө, Арсланбап менен Ала-Букага ташучу экен.
Мойт аке каза болгондо анын "Эл кыйналып кетти, менден баштап сөөктү ушул жерге эле койгула", - деген керээзи менен сөөктү Көлгө коё башташат. Ошентип олтуруп Ысык-Көлдү жер кылып жатышат. Мекен кылып жатышат. Ата-Журт кылып жатышат. О
оба, Ысык-Көл мурда эле кыргыздын Мекени эле. Бирок башкалар келип талашат экен да ошентип. Сөөктөрү көмүлүп калса казып алып чачып, ыргытып асманга, кордоп, кар жилигин кайра жерге кагып, тукумуң курусун деп, ошондой заман экен да.
Ошол заманда кандай гана баатырларыбыз, эрендерибиз өттү. Ата-бабаларыбыз баарыбыздыкы тең ошол жактан келатат. Эч кимибиз асмандан түшкөн жокпуз. Бирибиз улугураак, бирибиз кичигирээк эмеспиз. Баарыбыз тең бири бирибизге тең атабыз.
Кадыралы Коңкобаев - профессор: Мен көп жылдан бери эл ичин кыдырып, эл менен сүйлөшүп жүрүп, өзүмдү окумуштуумун деп айтуудан уялчу болдум. Чындык чыркырап, тарых деген акыры такталат. Илгери Байзак баатыр Көтмалдыда жыйын болуп калганда Садыр акеден сураган экен: "Садыр аке, сизди кыйын, кыйын эле дешет, эмнеңиз кыйын?" - депчи.
Ошондо Садыр аке: "Солто элдин тогу, саяк элдин шогу, сарыбагыш менен бугунун барынан жогу", - деп айтат. Бул сөз ошол Бaбaй баатырдын заманындагы сөз. Бири бири менен урушуп-талашып, кызыл кыргын болгондогу сөз. "Манаста" да бар: "Кырылган сайын кычаган кыргыз, түгөнгөн сайын түтөгөн кыргыз", - дейт.
Эмне үчүн эл өзүнүн баатырларын көтөрүп атат? Мамлекет көтөргөн жок да буларды. Себеби, жүз жылбы, миң жылбы, алардын жасаган эмгеги элдин аң-сезиминде унутулган жок. Ошондуктан Балбай Балбай болуп атат, Ормон Ормон болуп атат.
Алымбек датка Алымбек датка болуп атат. Эл өзү көтөрүп атат. Мунун баары багымсыз эгемендиктин жемиштери деймин. Тарыхка, маданиятыбыздын тарыхына, өзүбүздүн наркыбызга суусаган элбиз.
Ошолор жоголуп баратканда кайра калыбына келтирүү аракеттерин жасап жатабыз. Ошондуктан элдин рухун дагы көтөрүү үчүн өз эл баккан баатырларыбызды чыгарышыбыз керек. Эл аларды унуткан жок. Окумуштуулар унутту, мамлекет унутту. Балбай баатырдын 200 жылдыгын бир жолу белгилесек, экинчи жолу да белгилешибиз керек.
Тынчтыкбек Чоротегин - тарых илимдеринин доктору: Баатыр дегенди биз эки деңгээлде карасак болот. Кокту-колот баатырлары жана чыныгы баатырлар деп. Балбай баатыр, Осмон датка, Үмөтаалы Ормон уулу, ошондой эле Молдоисак Асан уулу Пулат хан деп атаган, Абдылдабек, мына ушулар чыныгы баатырлар.
Алар падышалык оторчулук бийликке такаат берген кыймылдын башында турушкан. Казакстанды ээлеп алып, эми Кыргызстанды да Чыгыш Түркстанга чейин ээлесек деген саясатка каршы ишти алар өздөрүнүн аймагында жургүзүп турушкан. Алар чыныгы баатырлар.
Балбай баатыр Верныйда, абакта каза болгондугу тууралуу Белек Солтоноев сыяктуу тарыхчылар, башка санжырачылар таасын айтып келишкен. Булар дипломат да болушкан бир эле учурда. Балбай баатыр өлөрүнүн алдында бугу уруусунун ичинен да Орусияга каршы кыймыл күчөгөн. 1855-жылы бугунун айрым төбөлдөрү Орусияга ант берип алгандай эле, совет бийлиги учурундагы расмий бийликтеги тарыхчылар бүт кыргыз эли ант бергендей тойлоп келишкен.
Ошол бугулардын ичинен эле орус падышачылыгына каршы күрөшкөндөр болгон. Ошолордун бири Балбай баатыр Чыгыш Түркстандагы Жети шаар мамлекетин өзүнчө түптөп, кыргыздарга таянып алып, саясатын жүргүзүп аткан Жакыпбекке өзүнүн достук колун сунгусу келген.
Ошол жакка кыргыздын бир тобун көчүрүп барып, алардын Цин-Манчжур бийлигине каршы күрөшүн колдоого аракет кылган. Ысык-Көл кыргыздарынан Балбай чыкса, Ички Теңир-Тоодо, азыркы Казарман, Тогуз-Тороо, Ак Талаа жана ага чектеш аймактарда жүргөн Тайлак баатырдын уулу Осмон датка чыккан.
Себеби, алардын жери күндөн күнгө тарып бараткан. Жазалоочу кошуундары менен аларды күндө жиреп келаткан. Алар да Жети шаар мамлекети менен мамиле түзөлү дешкен.
Ушул күрөштө Балбай баатыр албетте жеңилип калды. 1950-1980-жылдары кыргыз тарых наамасында Орусияга каршы күрөшкөндөр туура деген апологеттик көз карашты таңуулап келишкен.
Ошол баатырлар четинен суюлду, четинен жоголду, жер которуп кетишти. Бирок биз аларды эгемендүүлүк доорунда эскеришибиз керек. Орустарга багынып берүүгө үндөгөн кишилер башкача бааланышы керек.
Балбай баатыр сыяктуу кыргыз уулдарынын ишмердиги эми так, калыс таразаланып берилиши керек. Рыскул Жолдошев алып чыккан өмүр баянындагы тактоолорду мен да ырас көрүп турам. Кеп мааракеде эмес, кеп тарыхый маалымат так болушунда.
Кыяс Молдокасымов - тарых илимдеринин - кандидаты: Баатырларды майрамдоодо атаандашуулар күч алды. Маараке өткөргөндөр тарыхчылар менен кеңешкен деле жок. Ошондуктан ушундай так эместиктер кетүүдө.
Кыргыздарда баатырлар аябай көп болгон. Баатыры миң, башчысы бир эл өнүгөт деп айткан. Азыр болсо башчыларыбыз миң, баатырларыбыз жок калганы элдин майдаланып кеткенинен көрүнүп турат.
Балбай баатыр чындыгында өзүнүн тарыхта ээлеген орду менен, жасаган иш-аракети менен, карманган принциптери менен чыныгы баатырлыкты көрсөткөн. Балбай баатырда эч кандай жасалмалуулук жок. Падышанын оторчулук саясатына өмүрүнүн аягына чейин каршы туруп, кыргыздар эзелтен мекендеп келген Текеске кетип калышы падышалык администрацияга жаккан жок.
Мындай чектен чыккан кишилерди тыйбасак болбойт деп, Текесте жашап жүргөн жеринен кармап келип, 1867-жылы жаз айларында Верныйга алып барып абакка салып жатат. Балбай баатырды жазаласак кыргыздын башка баатырлары жөн эле бизге баш ийип берет деп.
Балбай баатыр тууралуу Алматы, Taшкeндин архивдеринде дагы бир топ материалдар жатат. Аларга биздин колубуз жетпей жатат. Ошолордо анын Текесте эмне жүргөнү, урук-тукуму, мал-мүлкү тууралуу толук маалыматтар болууга тийиш.
Ошол кездегидей эле колдоону ичтен эмес, сырттан издеген, ошолордун саясатчылар кызыкчылыгына акчасын шайлоого пайдаланган азыр да бар. Кыргыздын өзүнө, түпкү кызыкчылыгына таянган саясатчы менен чет өлкөнүн кызыкчылыгына таянган саясатчынын айырмасы асман менен жердей болуш керек.
Балбай баатырдын ишмердигине мына ушундай позициядан гана баа беришибиз керек.
Бердибек Жумабаев: Азыркы учурда бизге дал ошол Балбай бабабыздай баатырлар керек болуп турат. Азыр канчалаган баатыр атангандар, баатыр наамын алгандар бар. Кан төгүлүп жатса да бир ооз чыгып сүйлөп койбойт. Балбай баатыр чыныгы баатыр болгон, жүрөгүндө кара жок баатыр боллогон.
Бейшенбек Бекешов, журналист
Булак: NazarNews.kg