www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Салтыбызды аздектөө жолу менен гана биз, ийгиликке жетишип, ааламдан өз ордубузду таба алабыз», - деди бүгүн, 27-майда NazarNews маалымат агенттигине Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча Улуттук комиссиянын төрагасы Каныбек Осмоналиев.

- Каныбек агай, «Улуттук нарк жөнүндө» Жарлык чыкты. Бул жарлык уңгубузду тапканга шарт түзөбү же салат санаабызды аздектөөгө жол ачабы?

- Азыр кезегинде дүңгүрөгөн ааламдашуу процессинин өзү алапайын таппай жаткан мезгили. Учурда болуп жаткан Орусия-Украина-НАТО конфликтери дүйнө жүзүнө, анын ичинде гегемонбуз деген Батыш өлкөлөрүнө өтө зор геосаясаттык өзгөрүүлөрдү алып келди.

Европа, АКШ мурда болуп көрбөгөндөй өзгөрүүлөргө дуушар болгону калды. Чыгыш жана Түштүк-Чыгыш мамлекеттери да өздөрүнүн амбицияларын (айрыкча экономикалы жана финансылык) таңуулап киришти.

Демек, кескин геосаясый өзгөрүүлөр орун алат. Ошондуктан, акыл калчаган өлкөлөр өз этносторунун иденттүүлүгүнө басым жасай башташты. Биз дагы ошол жолго ыкчам жана бачым киришишибиз абзел. Президенттин кечээги Жарлыгынын мааниси ушунда. Болбогон бир кыйраткыч ойлорго же кадамдарга жетеленбей «бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып» биргелешип иштөө кезеги келди! Салтыбызды аздектөө жолу менен гана биз, ийгиликке жетишип, ааламдан өз ордубузду таба алабыз.

- Кыргыз коомун сактап келген нарктын төрт устуну  үй-бүлө, аксакалдык, бийлер, Элдик Курултай институттары дегенге ынанасызбы?

- Сиз санаган баалуулуктар кыргыздын каада-салтынын, демек наркынын эң маанилүү элементтери. Бийлер дегенди гана кошо албайм. Анткени, бул түшүнүктүн кыргыз наркына коошпогон жактары бар. Анын түшүнүгү наадан бийлердин азабынан терс мааниге ээ болуп калган.

Үй-бүлө менен аксакалдык баалуулуктар кыргыздын чыныгы сапаттарына кирет. Ошонун дагы Аксакал деген ыйык түшүнүгүн кезегинде бир саясатчы болумуш болгон тантырак макулук башкача атап салып, акылы тайкы жаштардын кыйраткыч куралына айлантып жибербедиби?!

Ушундай акмакчылыктардан алыс болсок! Элдик Курултайдын оң энергетикасы бар. Ал азыр конституциялык норма болуп калды. Бирок, бул жерде дагы бир ойлоно турган маселе бар. Аны кээ бир баштары түз эле жерден шишип кеткен адамдар өз кызыкчылыктарына пайдаланып жүрүшөт.

Ары тарт, бери тарт кылышып, көкбөрүгө айлантып алышкан. Кээ бир амбициялары ашкан макулуктар Курултайды парламентке каршы коюп жатышат. Курултайдын делегаттарынын аброюн эң алдыңкы орунга чыгарып алууну көздөп келишет.

Ошондуктан, өткөндө Курултай жөнүндөгү мыйзам, чү дегенде эле ЖКнын Комитетинен өтпөй калды. Бир жыйырмадай адамдар Курултайды «курутуп» жүрүшөт. Алардын жаагы тыйылмайын Курултай чыныгы элдик институтка айлана албайт. Мындан ары бул жакшы долбоорду такыр башка жол менен калыптандырып кетүүбүз абзел. Жаштардын аракеттери начар болууда!

- Нарктуулук-улуттук иденттүүлүктү аныктап турган кыргыздын автопортерти дегенге кошуласызбы?

-Нарктуулук кыргыз элибиздин эң маанилүү касиети. Ооба, ал айкөлдүк менен тыгыз байланышкан. Бизден башка элдерде бул сапат жокко эсе. Айрыкча, либералдык Батышта. Алар үчүн эгоизм биринчи орунда. Алардын башкы ойлору акча, байлык менен гана байланышкан.

Ошондуктан, аларда кийинки жылдары үй-бүлө, аксакалдар институттары жоюлуп бара жатат. Биз алардан үлгү албашыбыз керек. Айкөл Манастын образы менен эле жашаганыбыз оң. Анан калган элдик жакшы сапаттарыбыз анын туундусу катары кете берет!

- Бул жарлыктын кыргыз тилин өнүктүрүүгө, кадырын көтөрүүгө жардамы тийеби?

- Президенттин нарктуулук боюнча Жарлыгы кыргыз тилинин өнүгүүсүнө, албетте, чоң жардамы тийет. Биз азыр ушул маселенин үстүндө иштей баштадык. Жарлыктын атайын пунктунда кыргыз тилинин мааниси азыркы кызматкерди калыптандырууда өзгөчө болоору катуу белгиленген. Бул жөн эле курулай кеп болуп калбашы үчүн, биз конкреттүү иш-чараларды жүзөгө ашырышыбыз керек.

- «Улуттук киноиндустрияны өнүктүрүү жана Кыргыз Республикасынын кинематографиясын мамлекеттик колдоо системасын мындан ары өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыкка кол коюлду. Бул жарлык кыргыз кереметин жаратууга салым кошобу?

- Мага айрыкча, улуттук телесериалдар менен кино индустриясын өнүктүрүүгө арналган иш-чаралары жакты. Азыркы күндө аталаган жанрлар дүйнөдө өтө эффективдүү куралга айланган. Биз дагы ушулардын баарын нукура кыргыз тилинде жаратып, элибиздин каада-салтын, нарк-насилин, үрп-адаттарын, айкөлдүк мүнөздөрүн чагылдырышыбыз керек. Катар-катар мультсериалдарды дагы кыргыз тилинде тарта баштасак жакшы болоор эле. Ушул багытта аракеттерди кылабыз, буюрса.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости