www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ооганстандагы бир катар телеканалдардын эркек алып баруучулары никабы жок иштөөгө тыюу салынган аял кесиптештерине тилектештик билдирип, эфирлерге беткапчан чыгышты.

21-майда "Талибандын" Ислам ориентациялар министрлиги ооган талаканалдары үчүн мындан ары аял алып баруучулар эфирге жүздөрүн жаап чыгышы керектиги тууралуу буйрук чыгарган. Кыймылдын өкүлдөрү бул акыркы чечим экенин жана ал боюнча эч кандай сүйлөшүү болушу мүмкүн эместигин билдирген.

Эркек алып баруучулары көзүнөн башка жеринин баарын беткап менен жаап эфирге чыккан телеканалдардын арасында Tolo News, Ariana Television, Shamshad TV жана 1TV телеканалдары бар. Бул акция студиянын конокторунун бири "Талибандын" Ислам ориентациялары министрлигинини басма сөз катчысына кайрылып, никаб кийип алып адамдар менен сүйлөшүп көрүүнү сунуштагандан кийин башталган. Анда мекеменин расмий өкүлү Мухаммад Акиф Мухажир бул сунушту четке кагып, "Талибдердин талабына ачык каршылык билдиргендер же аны шылдыңдап жаткандар шарият мыйзамдарынын каршылаштары" деген.

Күн мурун соцтармактарда #FreeHerFace хештеги менен акция башталган. Ага катышкан эркек алып баруучулар аял кесиптештерине тилектештик билдирип, кара беткап менен тартылган селфи сүрөттөрүн жарыялап жатышат. Буга чейин Tolo News'тун алып баруучусу Ялда Али Instagram баракчасына жоолуктан тышкары кара беткап тагынып жүргөн видеосун жарыялаган – талибдер аял алып баруучуларга никабдын ордуна кара түстөгү беткап тагынууга уруксат беришкен.

Ал ортодо # FreeHerFace өнөктүгүнө Ооганстандагы жана анын сыртындагы жүздөгөн соцтармак колдонуучулары кошулууда.

Human Rights Watch уюмунун жергиликтүү бөлүмүнүн аялдар укуктары боюнча өкүлү Хизер Барр талибдердин телеканалдар үчүн чыгарган буйругун сындап, "кыйла активдүү жана практикалык кадамдарды, анын ичинде "Талибан" лидерлеринин чет өлкөлөргө чыгуусуна тыюу салууну калыбына келтирүү сыяктуу чараларды көрүүгө мезгил келгенин айтты.

"Талибдер менен жолуга турган дипломаттар # FreeHerFace акциясын колдоп, аялдар менен кыздардын укуктарын бузууну күчөтүп жаткан мындай көрүнүштөргө ачык каршы чыгышы керек", — деди Барр.

2021-жылы августта Ооганстанда бийлик талибдердин колуна өткөндөн кийин өлкөдөгү аялдар менен кыздарга карата мурдагы катаал чектөөлөр кайрадан калыбына келтириле баштаган. Май айынын башында "Талибан" бардык аялдар коомдук жайларда паранжа кийип, эркек тууганынын коштоосунда гана жүрүшү керектигин билдиришкен. Ага чейин кыздарга 6-класстан кийин мектепте барууга тыюу салынган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости