www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Курултайдын делегаттарын адилет шайлай алабызбы? Же эски адатка салып бакырчаак жеңе жулунмайлар келишеби?», - деди бүгүн, 18-августта NazarNews маалымат агенттигине профессор Каныбек Осмоналиев.

- Каныбек агай президенттин 25-ноябрга курултай чакырганын бири колдосо, бири сындап жатат. Сиз бул маселе боюнча кандай пикирдесиз?

- Мен Курултайдын чыныгы элдик институт болуп калыптанышын активдүү колдойм. Анткени, Курултай азыр конституциялык норма болуп калды. Учурдагы Баш мыйзамдын 7-беренесине ылайык, элдик курултай - бул коомдук-өкүлчүлүктүү жыйын.

Ал кеңешчи, байкоочу орган катары коомубуздун турдүү багыттары боюнча сунуштамаларды бериши керек. Президент кечээги Жарлыгында ушул маселеге өзгөчө басым жасады! Анын ишмердүүлүгү конституциялык мыйзам менен аныкталышы абзел. Тилекке каршы, андай мыйзам июнь айында парламенттен өтпөй калбадыбы?

Ошондуктан, президент жоопкерчиликти өзүнө алып, атайын Жарлык менен Элдик Курултайды үстүбүздөгү жылдын 25-ноябрына белгиледи. Конституциялык норма болгон элдик институтту жандандырып ишке салуу керек да, акыры, болгону ушул. Азыр уюштуруу комитети ишке кызуу киришти.

Мындан алдын ала эле кыйкым издебей, жапырт кол кабыш кылалы! Башка маселе, анын делегаттарын адилет шайлай алабызбы? Же эски адатка салып бакырчаак жеңе жулунмайлар келишеби? Өздүк кызыкчылыктар, жердешчилик, тууганчылыктар ойноп кетпейби? Андай эле болсо кезектеги «осол курултай» болду дей берели! Бул сапар чыныгы Элдик Курултай түзүлөт деген ишенимде бололу!

Эске салсак, буга чейин Президент Садыр Жапаров «Элдик курултайдчакыруу жөнүндөгү» жарлыкка кол койгон.

Курултай 25-ноябрда, Бишкек шаарында өтөт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости