www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШнын Флорида штатында Дастин жээгинде жергиликтүү тургундар адаттан тыш аба ырайынын кубулушун - суу деңгээлинен бир нече метр бийиктикке көтөрүлүп, элди коркутуп-үркүткөн суу агымын байкаган. Бул тууралуу Daily mail кабарлады.

Торнадону жергиликтүү тургун 2022-жылдын 16-августунда, шейшемби күнү таңкы саат 7де Панхандл деп аталган аймактан жумушка баратканда байкаган. Алдын ала маалыматтарга караганда, торнадо булуңду каптаган катуу бороондордон улам келип чыккан.

Метеорологиялык маалыматтарга караганда, жээк сызыгында катуу шамал болуп, натыйжада деңиздин үстүндө түштүк-чыгыш тарапка жылган торнадо пайда болгон. Улуттук аба ырайы кызматы дароо жергиликтүү тургундарга, өзгөчө кайыкчылар менен сууда сүзүүчүлөргө сууга түшпөөнү эскертти. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости