www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Украинанын борбору Киевге барам деп жүрүп, эс алууга Киауа аралына кеткен Жо Байден ал жерде отуруп карыганына карабай тымызын иштей баштады. Анын эң негизги иши орус шпиону атаган Дональд Трампты жыга чабуу. Себеби, күзүндө боло турган президенттик шайлоо үчүн алдын-ала боло турган рейтингде Трамп жеңип кетсе, кийин Байденди оңдурбайт. Ошондуктан Трампты жамандап жок кылуу керек.
АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамп ФБР анын Флоридадагы резиденциясына тинтүү жүргүзгөндөн кийин андан алынган документтерди агенттерге өткөрүп берүүгө даяр экенин жана алардын жашыруундугун билдирди. Биринчиден, мунун баары ачыкка чыгарылды. Экинчиден, алар эч нерсени «конфискациялоонун» кереги жок болчу. Алар саясатка аралашпастан жана менин Мар-а-Лагодогу резиденцияма кирбей туруп, каалаган убакта ала алышмак», - деп жазган АКШнын мурдагы президенти.
Трамптын айтымында, атайын кызмат көптөн бери каалаган убакта документтерди ала алган. Сураса жетиштүү болчу. «Эң чоң маселе - президент Обама бир кезде Чикагого алып барган 33 миллион барак документтерди эмне кылаары, алардын көбү жашыруун», - деп кошумчалады ал. Белгилей кетсек, мурдагы президент Дональд Трамп ФБРдин кызматкерлери анын Флоридадагы резиденциясын тинтүүгө алышканын билдирген.
Андан соң Федералдык иликтөө бюросу (ФБР) АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамптын Флоридадагы мүлкүндө ядролук куралга байланыштуу жашыруун документтерди издеп жатканы кабарланган. Кийинчерээк ФБР Трамптын резиденциясынан 11 жашыруун документти, анын ичинде «өтө жашыруу» деген категориядагы материалдарды тапканы белгилүү болгон. Ушул жылдын башында Улуттук архив Трамп Флоридадагы жеке резиденциясына 15 куту президенттик жазууларды алып кеткенин билдирген. Кутуларда «улуттук коопсуздук боюнча жашыруун маалымат» жана Трамп менен чет элдик мамлекет башчыларынын расмий кат алышуулары бар экени айтылууда.
АКШнын Федералдык иликтөө бюросунун (ФБР) кызматкерлери мурдагы президент Дональд Трамптын Флоридадагы Мар-а-Лагодогу мүлкүн тинтүү учурунда 11 комплект жашыруун документтерди колго түшүрүштү. Басылманын маалыматы боюнча, Мар-а-Лаго резиденциясынан документтер, фотосүрөттөр жана жазуулар салынган 20дай кутуча алынган. Алардын арасында Трамптын мурдагы кеңешчиси Роджер Стоунду ырайым кылуу буйругу жана «Франциянын президенти» тууралуу айрым маалыматтар бар. Жалпысынан 11 комплект жашыруун документтердин, анын ичинде «атайын мамлекеттик мекемелерде» гана сактала турган «өтө жашыруун» деген категориядагы материалдар алынган.
Дональд Трамп Флоридадагы Мар-а-Лаго резиденциясына ФБРдин тинтүү жүргүзгөнүн айтты, деп билдирет Би-Би-Си орус кызматы. "Биздин эл үчүн караңгы мезгилдер келе жатат, анткени менин кооз үйүм, Флорида штатындагы Палм-Бичтеги Мар-А-Лаго учурда курчоодо, ФБР агенттеринин чоң тобу тарабынан рейд жасалып, басып алынган", - деп айтылат билдирүүдө.
"Бул прокурорлордун туура эмес иш-аракеттери, сот системасын курал катары колдонуу жана радикалдуу солчул демократтардын чабуулу, алар менин 2024-жылы президенттикке талапкер болушумду каалабайт», - деп кошумчалады ал. Экс-президент тинтүүлөрдүн себебин атаган жок.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg