www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президенттин Иш башкармалыгы акыркы жылдары коомчулукта эң көп талкууланган мамлекеттик түзүмдөрдүн бирине айланды. Айрыкча анын жетекчиси Каныбек Туманбаевдин айланасында түрдүү пикирлер айтылып келет. Социалдык тармактарда сын-пикирлер, айыптоолор жана эмоциялуу билдирүүлөрдөн байкасак болот. Бирок мамлекеттик иштерди эмоция эмес, жыйынтык жана фактылар аркылуу баалоо зарыл.
Дегенибиз, өлкө боюнча жүрүп жаткан ири курулуштарды карап көрсөк баары айкын көрүнөт. Алалы, мектептер, бала бакчалар, турак жай комплекстери, административдик жана социалдык объектилер мурда болуп көрбөгөндөй масштабда курулуп жатат. Албетте, мындай долбоорлордун каржылоо булактары боюнча талаш болушу мүмкүн. Бирок эң башкысы, иштердин реалдуу жүрүп жатканы. Мунун артында күн сайын координация жүргүзүп, көзөмөл кылган мамлекеттик аппарат турат. Бул багытта Президенттин Иш башкармалыгынын ролу өзгөчө экенин айтып коюу парз.
Акыркы мезгилде шаардык инфраструктураны жаңылоо боюнча дагы бир катар кадамдар жасалды. Маселен, көп жылдан бери башаламандык, антисанитария жана мыйзамсыз бөлүштүрүүлөр менен коштолуп келген Ош базары боюнча реформа башталды. Маалыматтарга караганда, жаңы соода комплекси заманбап санитардык талаптарга жооп берип, миңдеген соодагерлер үчүн ыңгайлуу шарт түзөт. Ал эми эски базардын ордунда коомдук парк куруу демилгеси шаардыктардын жашоо сапатын жакшыртууга багытталган кадам катары каралууда.
Ысык-Көл аймагындагы өзгөрүүлөр дагы көңүл бурууга арзыйт. Жээк бойлой курулган веложолдор жана коомдук мейкиндиктер аймактын туристтик деңгээлин көтөрүп, эл үчүн коопсуз жана заманбап шарттарды түздү. Мурда айрым жеке объектилер тарабынан тосулуп келген жээктердин элге кайра ачылышы дагы коомдук кызыкчылыкты коргоо аракетинин белгиси катары бааланууда.
Улуттук жаратылыш парктары боюнча жүргүзүлгөн иштер да оң өзгөрүүлөрдү көрсөтүүдө. Айрыкча Ала-Арча паркынын аймагында тартипти күчөтүү, транспорттук системаны жөнгө салуу, санариптик төлөмдөрдү киргизүү жана экологиялык көзөмөлдү күчөтүү аркылуу парктын абалын жакшыртуу аракети көрүлдү. Бул өзгөрүүлөр мамлекеттик башкарууда системалуулукка өтүү аракети катары кабыл алынууда.
Албетте, мамлекеттик кызматтагы ар бир жетекчинин ишине сын болушу мыйзам ченемдүү көрүнүш. Бирок сын так маалыматка жана далилге негизделгенде гана коом үчүн пайдалуу болот. Социалдык тармактардагы эмоциялуу айыптоолор менен реалдуу жыйынтыктын ортосунда айырма бар экенин да эске алуу зарыл.
Каныбек Туманбаевдин ишмердүүлүгү боюнча пикирлер ар кандай болушу мүмкүн. Бирок өлкөдө жүрүп жаткан инфраструктуралык жана башкаруучулук өзгөрүүлөр анын командасынын ишин жокко чыгарууга мүмкүн эмес экенин көрсөтүп турат. Коом үчүн эң маанилүүсү жыйынтык, тартип жана элге көрүнгөн өзгөрүү. Азыркы процесстер дал ушул багытта жүрүп жатканын белгилегендер көбөйүүдө.