www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо ассамблеясынын 79-сессиясынын алкагында Дамир Осмонов баштапкы медициналык-санитардык жардам, жугуштуу эмес оорулардын алдын алуу жана саламаттык сактоо системасынын туруктуу өнүгүүсүнө арналган тематикалык талкууларга катышты. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинен билдирди.
Министр өз сөзүндө баштапкы медициналык-санитардык жардамды өнүктүрүү Кыргызстандын саламаттык сактоо тармагындагы мамлекеттик саясаттын негизги артыкчылыктарынын бири экенин белгиледи. Анын айтымында, учурда жугуштуу эмес оорулардын алдын алуу жана аларды эрте аныктоо, үй-бүлөлүк медицинаны өнүктүрүү жана калкка көрсөтүлүүчү медициналык жардамдын сапатын жакшыртууга өзгөчө көңүл бурулууда.
Ошондой эле Дамир Осмонов жүргүзүлүп жаткан реформалардын жана тармактар аралык кызматташуунун натыйжасында Кыргызстан жугуштуу эмес оорулардан улам мезгилсиз каза болуу көрсөткүчүн азайтуу боюнча оң жыйынтыктарга жетишкенин айтты.
Жыйындын жүрүшүндө Кыргызстан саламаттык сактоо системасында алдын алуу багытын күчөтүү, медициналык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу жана калк арасында сергек жашоо образын жайылтуу боюнча тажрыйбасы менен бөлүштү.