www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 22-мартта Бишкектин Свердлов райондук соту журналист Канышай Мамыркулованын бөгөт чарасын карап, 19-майга чейин камакка алуу чечимин чыгарды.
Жактоочу Нурбек Сыдыков белгилегендей райондук соттун чечимине каршы арыз Бишкек шаардык сотуна жиберилет.
Сот отуруму жабык өтүп, ага адвокаттан башка эч ким киргизилген жок.
Соттун алдына Мамыркулованы колдогон адамдар чогулуп, «сот ачык өтсүн», «Канышайга боштондук» деп кыйкырып турушту.
Канышай Мамыркулованы 20-мартта үйүнөн алып кетишкен. Бишкек шаардык милициясында сурак берген соң 48 саатка камакка алынган.
ИИМ соттук-лингвистикалык экспертизанын корутундусу чыкканын, буга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесине ылайык («Массалык баш аламандыктар») иш козголуп, Мамыркулова Бишкек милициясынын убактылуу кармоо жайына камалганын кабарлаган.
Ал эми адвокат Нурбек Сыдыков Канышай Мамыркулова дагы бир берене боюнча айыпталып жатканын кечээ билдирди. Ага Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренесинин («Улут аралык кастыкты козутуу») негизинде да айып тагылган.