www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн 22-мартта Бишкектин Свердлов райондук соту журналист Канышай Мамыркулованын бөгөт чарасын карап жатат. Сот отуруму жабык өтүүдө. Ага адвокаттан башка жакындары, кызы дагы киргизилген жок.

Журналистти колдоп сот имаратынын алдына чогулган 30дай киши “Канышайга боштондук”, “Сот ачык болсун” деп кыйкырып турушту.

Эскерте кетсек, эркин журналист жана активист Канышай Мамыркулованы үйүнөн милиция кармап кеткени 20-мартта белгилүү болгон. Жакындары милиция кызматкерлери анын үйүнө сатып алуучу кардар катары барып, күч менен алып кеткенин айтышкан.

Бишкек шаардык милициясы Мамыркулова "массалык башамаландыкка чакырыкка" жана "улут аралык кастыкка" шектелип кармалганын билдирген.

Последние новости