www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Тышкы иштер министрлиги маалымат таратып, Вьетнамда оор абалда жаткан Кыргызстандын жараны тууралуу маалымат берди.
Маалыматка караганда, 19-мартта 1975-жылы туулган Кыргыз Республикасынын жараны Нячанг шаарындагы мейманканалардын биринен эс-учун жоготкон абалда табылып, ооруканага жеткирилген. Жаранда олуттуу жаракаттар жана татаалдашуулар аныкталган, анын абалы туруксуз. Хошимин шаарындагы медициналык мекемеге көчүрүү мүмкүнчүлүгү каралууда.
«Кыргызстандын Кореядагы эчилиги жергиликтүү органдар менен тыгыз кызматташып, жабыркаган жаранга керектүү жардамды көрсөтүп жатат жана жанында жүргөн Кыргызстандын жарандары менен тыгыз байланышта болууда. Бул маселе Тышкы иштер министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы элчилигинин өзгөчө көзөмөлүндө турат»,— деп айтылат маалыматта.