www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кайсы бийлик келсе эле майлыгын ийнине илип, чөөгүнүн көтөрө чуркаган башка. Дурусту дурус, бурушту буруш дегендей ортолук көз карашты билдирген бул башка. Мындай пикирин журналист Канышай Мамыркулова өзүнүн Facebook баракчасына жазып чыкты.

"Аферисттерди айланасына көбүрөөк топтоп алган абамдын жакшы тарабын деле айтуу парз. Кайсы бийлик келсе эле майлыгын ийнине илип, чөөгүнүн көтөрө чуркаган башка. Дурусту дурус, бурушту буруш дегендей ортолук көз карашты билдирген бул башка...

"Кумтөрдү алам деди эле, алды" деген чуулдакка кошулууга дагы, кошулбай байкоо салганга дагы себеп бар. "Жараны жарып" салган бөлөк, ары жагында "ириң калбай, жара бүтөлөбү" бул бөлөк маселе. Кумтөр боюнча маселени мезгил гана так аныктап берет. Албетте, бул башка кеп...

КР Президентинин иш-аракетинде, мисалы мага жаккан үч жагдай бар. Ачыктап койбосо, кызмат жана кызыкчылык үчүн чурулдаган тараптардын алды каргап-шилеп, аркасы чай ичкен жеринде жамандап, анысы кайра өзүңө угулуп, айтор ашмалтай болуп кетти.

Абамдын биринчи көзгө көрүнгөн жагы жети дубан элдин текши болбосо дагы, калкынын кайсы бир катмары кылка колдоп бериши, кыргыз саясатындагы чоң жаңылык болгон, албетте, бул абам үчүн аванс...

Экинчиси "өлкөнүн өгөй балдарындай" болгон, эмдигиче керек болсо "Мигранттар жөнүндөгү мыйзам" менен иш-аракеттери жөнгө салынбай, экономиканын тиреги болсо дагы четте калып келген кыргыз мигранттарын жандантууга, башын бириктирүүгө бир топ салым кошту. Муну ошол кайсы гана маселе болбосун ак, карасын тааный бербесе дагы, өлкөнүн саясый турмушуна активдүү аралашкан замандаштардан улам билүүгө болот.

Үчүнчүсү, Аконит абамды алдына салып алса дагы, жылдап ооз ачылбай келген бир топ "жараларды" жарып атат. Албетте, кадр саясаты башаламан жана тышкы саясат олку-солку, тармактарда өтө көп катачылыктар кетүүдө...

Кыскарта чаап айтканда, ураалаганга эрте болсо дагы, мамлекет башчылыгына даярдыксыз келген Садыр Жапаровдун саясый кадамдары кызыгууну жаратат. Салыштырып айтканда, "оюнчуктарынын тымтыракайын чыгарып, чачып салган" баладай эле. Көбү изги тилек менен болсо керек. "Оюнчугун чачкан бала дагы дүйнөнү таанууга" аракет кылат эмеспи. Ошол изги тилектер суубасын дейли...", - деп белгилеген Мамыркулова.

Эске салсак, Президент Садыр Жапаров 4-апрелдин кечинде жалпы кыргыз элине кайрылуу жасап, "Центерра Голд" компаниясы менен доо-арыздан баш тартуу жана ортодогу талаш маселелерди чечүү боюнча келишимге кол коюлганын жарыялаган.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости