www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Баткенде телефон кубаттоодон өрт чыккан

Баткенде телефон кубаттоодон өрт чыккан, деп билдирет Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, бүгүн эрте мененки саат 08:29да Баткен шаарынын Кызыл-Жол кварталынын Акжол көчөсүндө өрт чыгып жаткандыгы жөнүндө маалымат түшкөн.

Жерине Баткен шаарындагы Өрткө каршы куткаруу бөлүмүнөн 1 бөлүм тартылып, саат 08:50дө толугу менен өчүрүүгө жетишкен.

Такталган маалыматка ылайык, өрт телефонду кубаттоодон келип чыккан. Өрттүн кесепетинен смартфон, фен жана палас күйгөн.

Бактыга жараша жабыр тарткандар жок.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости