www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

 БУУдагы Орусиянын туруктуу өкүлү Василий Небензя журналисттерге Бучадагы чагымчылыктын жасалма экендигинин далилин, мунун ичинен мэрдин видеосун, ал жерде "өлтүрүлгөндөр" туурасында бир ооз да сүйлөбөгөндүгүн көрсөтүп берди. Бул туурасында РИА Новости жазды.

Украина бийлиги видео жайылтып, анда каза болгондор Бучадагы жай жашоочулар деген маалымат тараткан. Алардын өлүмүнө россиялык аскерлерди күнөөлөп, ал эми Владимир Зеленский аны "геноцид" деп атаган.

Небензя 30-мартта Коргоо министрлиги аймактан, анын ичинен Бучадан россиялык аскерлерди алып чыгып кеткендигин жарыялагандыгын дагы бир ирет айтты.

"Бул факт анын эртеси Бучанын мэри тарабынан бекемделди. Анатолий Федорук 31-мартта тартылган видеодо россиялык аскерлерди алып чыгып кетишин украин армиясынын жеңиши катары баалаган. Кызык, эмне үчүн ал адамдардын жапырт кырылышы, өлгөндөрдүн сөөгүн, өлтүрүүлөр же дагы башка буга окшогон фактылар туурасында ооз ачкан эмес. Ошондой бүлүндүргөн сценарий болсо аны шаар мэринин унутуп койгону кызык болуп жатат", — деген дипломат.

Журналисттерге ал Бучанын мэри бактылуу жылмайып турган видеону көрсөттү.

"Көчөлөрдө каршы-терши жаткан өлүктөрдүн фонунда шаар башчынын мындай жайдары сүйлөшүн элестетүү кыйын", — деген россиялык өкүл.

Андан соң боксчу Жан Беленюктун украин аскерлери шаарга киргенден кийинки сүрөтүн көрсөткөн. Ал дагы канааттануу менен жылмайып турат. Каза болгондор жана кыйнап өлтүрүлгөндөр туурасында унчуккан эмес.

Небензя, мындан сырткары, Бучада Улуттук гвардия тарткан видеону көрсөттү, ал 2-апрелде жарыяланып, көчөдө каза болгондор тартылган.

Дипломат көчөдөгү сөөктөр жаткан видео 3-апрелде эртең менен пайда болгондугун белгиледи.

"Ал ачык эле калп жана такыр коошпогондук менен толтурулган", — деп белгилеген Небензя.

Өкүл Бучадагы чагымчылык боюнча чындык жакын арада белгилүү болоруна ишенип тургандыгын айтты.

"Бучадагы окуя Киев режиминин чоочун желектин алдында өткөргөн, Батыш демөөрчүлүк кылган операциясы", — деди ал.

Дипломат анын башкы максаты коркутуу болгондугун четке какпастыгын да кошумчалады.

Орусиянын Коргоо министрлиги Буча боюнча жарыяланган материалды "кезектеги чагымчылык" деп атаган. Аскердик ведомстводон бул аймак куралдуу күчтөрдүн көзөмөлү алдында турганда "бир дагы жергиликтүү тургун зомбулуктан жапа чекпегендигин" билдирген. Ал эми россиялык аскерлер Бучадан 30-мартта эле чыгып кеткендигин айткан.

Эске салсак, Орусия Украинага каршы согушту 24-февралда баштаган. Путин анын максаты «сегиз жылдан бери Киев режиминин басмырлоосуна, геноцидине кабылып келгендерди коргоо» жана бул үчүн "Украинаны демилитаризация жана денацификация" жасап жана Донбасстагы "жай жашоочулардын канына забын болгондорду" аскер сотуна берип, жоопкерчиликке тартуу пландалып жатат, деп айткан.

Орусия - анын куралдуу күчтөрү аскерий соккуларды Украинанын аскердик инфраструктурасы менен күч түзүмдөрүнө уруп жаткандыгын, жай жарандарга багытталбагандыгын билдирет. Орусиянын колдоосу менен ДЭР жана ЛЭР топтору да өз аракеттерин улантууда. Путин - Украинаны оккупациялоо туурасында кеп жок экенин айтат.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости