www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Учурда Кыргызстандагы жемкорлукка каршы күрөшүү ар бир адамды ойго салып, коомчулуктар ар кандай талкууну жаратууда. Кимдир бирөө камалаган коррупционерлердин тарабын талашып, саясый шоу катары кабыл алып жатканы таң калтырууда. Учурдагы саясый кырдаал боюнча КТРКнын белгилүү тележурналисти Каныкей Жунусова дасыккан корупционерлер тууралуу үн катты.
--Мамлекеттин акчасынын баары эле коррупционерлердин чөнтөгүндөбү? Эбак эле эсеп ачылганда куйругун түйүп качып кеткен эргулдардан мындан да көп акча өндүрүлмөк экен. Каа-ап! 3-июлдан 19-июлга чейинки аралыкта коррупция менен күрөшүүнүн натыйжасында бюджетке кайтарылчу каражат үчүн ачылган атайын депозиттик эсепке 168 млн 781 миң түштү. 168 миллион сомдун ичинен башкы прокуратура 59 млн 327 миң которсо, калганы Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен түшкөн. Президент Сооронбай Жээнбеков 27-июнда Жогорку Кеңешке барып, Өкмөттө атайын эсеп ачылганын, коррупциялык күрөштө өндүрүлгөн акчалар ошол эсепке түшө баштаарын айтты эле. Карапайым эл мындай аракеттердин жыйынтыгын тез арада сезе баштады, - деп билдирди тележурналист Каныкей Жунусова.
Булак: NazarNews.kg