www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Тилек Токтогазиев, Мирбек Мияров сыяктуу жаштарды учурдагы бийлик аз убакытка колдонуп, эми А. Бурханов баштаган «эски малдын көзүндөй» болгон кадрларды топтоп жатат. Мындай пикирин журналист Канышай Мамыркулова билдирди.
«Айбек Бузурманкуловду жакшы жагынан тааныдым. Жарандык активисттерди ичинен тоо-кен тармагын тыкыр таанып-билип, Жер-Үй кенине каршы болуп келди. Миңдеген жаштардай эле «5-6 октябрдагы окуядан соң өзгөрүү болот» деп Талас облусуна жетекчиликке барды. Тилек Токтогазиев, Мирбек Мияров сыяктуу жаштарды учурдагы бийлик аз убакытка колдонуп, эми А. Бурханов баштанган «эски малдын көзүндөй» болгон кадрларды топтоп жатат. Айбек Бузурманкулов менимче иштен жөн кеткен жок.
Тоо-кен тармагы боюнча мурдагы позициясында турганга аракет кылды. Эми башка кызматка кетирип жатышкан окшойт. Ал жагын так билбейм. Болгону жаштарды алдыга түртүп, пайдаланып кереги тийбей калган мезгилде четке сүргөн туура эмес. 30 жылдап чеке ысытпагандарды «ардактуу эс алууга» узатып эле мына ушундай жаштардын билимин, акыл-эсин пайдаланган оң болмок. Эми убакыт көрсөтөт чыгаар...», - деп кошумчалаган ал.
Булак: NazarNews.kg