www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өндүрүш Токтонасыров: «Бизге хандык бийликтин кереги жок»

Бүгүн, 9-мартта Ак үйдүн алдында Конституциянын жаңы долбооруна каршы митинг өтүп жатат. Нааразычылык акциясына мурдагы депутат Исхак Масалиев, «Ханистутицияга каршы» борборунун өкүлү Жеңиш Молдакматов, Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев, Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова жана жарандык активисттер катышып жатат.

Митингге чыккандарды колдоп келген жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров да өзүнүн жеке пикирин билдирди.

«Биз эгер жарандык коом унчукпай, бийликтегилер өз билемдиктерин жасай бере турган болсо, биз сөзсүз түрдө ханга ээ болобуз.

Бизге хандык бийликтин кереги жок да. Биз нечен жылдан бери парламентаризм деп жүрөбүз.

Өткөн жылдын октябрь айынан бери легитимсиз парламент кандай гана мыйзамсыз иш аракеттерди жасады. Бүгүнкү жарандык активисттердин иш чарасын кубаттайм. Конституциянын жаңы долбоорун элдик талкууга эч ким койгон жок. Легитимсиз парламент кетип, ал эми долбоор кайрадан жазылууга тийиш», - деди Токтонасыров.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости