www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Опера жана балет театрындагы жагдай боюнча атайын комиссия түзүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 9-мартта Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.

Ведомствонун маалыматына караганда, министрлик А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында болгон жагдай боюнча атайын комиссия түздү. Комиссиянын ишине бул тармакты билген адистер, юристтер, аудиторлор жана балет искусствосунун өкүлдөрү кирди.

Комиссия 10 жумушчу күндүн ичинде бул окуя боюнча эки тараптуу дыкат кароонун жыйынтыгы менен театрдын жетекчилигине мындан ары чечимдерди кабыл алуу үчүн сунушун жөнөтөт.

Эске сала кетсек, 6-мартта опера жана балет театрынын артисттери россиялык артисттердин катышуусунда сахнага чыгуудан баш тартышкан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости