www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Жалал-Абад» аэропортунун жанында курулган кабат үйлөрдүн мыйзамдуулугу боюнча маселе бүгүн, 9-мартта Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында кызуу талкуу жаратты.

Жеке менчик курулуш компанияларынын өкүлдөрү там салууга оозеки уруксат болгонун, ал жерде беш жана тогуз кабат үйлөрдү куруп жатышканын, айрымдары пайдаланууга берилгенин, бирок аэропорттун санитардык зонасына байланыштуу чыккан маселеден улам документтери бүтпөй жатканын айтышты.

Маселени чечүү жолу катары алар санитардык зона деген аймакты кыскартууну же аэропортту шаардан чыгарууну сунуш кылышты жана ал жерде башка мекемелердин жана уюмдардын курулуштары да бар экенин белгилешти.

Айрым депутаттар кабат үй сала электен мурда документтерди тактоо, аэропорттун жана ал тейлеген жүргүнчүлөрдүн кызыкчылыгын, коопсуздукту эске алуу керектигин айтышса, кээ бирлери салынып калган үйлөрдү бузуу туура эмес болоорун билдиришти.

Белгилей кетсек, жыйында «Жалал-Абад» аэропортунун санитардык зонасы 2,5 чакырым экени айтылды.

Транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникация министринин орун басары Талант Солтобаев Кыргызстанда аэропорттордун санитардык зонасы боюнча маселе ачык бойдон экенин билдирди.

«Жаңы аэропорт куруу өтө чоң каражат талап кылат. Ошондуктан санитардык зонаны чечүү маселесин кароо приоритеттүү. Себеби азыр «Манас» эл аралык аэропортунун жаңы аэропорт куруу мүмкүнчүлүгү жок. Санитардык зона бүгүнкү күндө аныкталган эмес. Аны карай турган норма да жок», - деди ал.

Натыйжада комитет маселени бардык тараптардын сунуштарын эске алуу менен чечүү жолдорун табууну өкмөткө тапшырмай болду.

Кыргызстан боюнча жалпысынан 11 мамлекеттик аэропорт бар. Алардын ичинен «Манас» жана «Ош» аэропорту кирешелүү деп айтылып келет.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости