www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Белгилүү журналист Канышай Мамыркулова, социалдык тармакта талкуу жараткан Жогорку Кеңештин депутаттарынын маянасы тууралуу пикирин айтты.

--Мен жинди же сен жинди..."Сабаттуулардын" маалымат саясаты сабаттуу болуш керек...

Эми мындай... Убада бергенден кийин чубалжыган пост жазайын. Кыскарта чаап койсо эле, айрымдар кекетип, догурунуп, сөгүп-сагып кете берчү болдуңар. Гезитке макала жазбай калгандан бери, анын үстүнө окурман журту кийинки учурда эрикчээл тартып, эки сүйлөм окуганга өтүп калгандан бери эки сап жазып койсо кээде "Иттин уулу Байгара" деле тыңсынып кетчү болду.

Бүгүн "эмне эле жыргап жашап жатсак "мишайт" эте берчү болдуңуз, Садыр Жапаров менен Ташиев эмне кылды сизге, эмне ушунчалык акмаксың" деген пикирди көп жазышты. Акмак болсом болгондурмун, актанып деле отурбайм. Чын-чынында дегеле бир дагы бийликти жактап көрө элекмин. Балким, себеп ушундан.

"Мен жинди болгон үчүн" дейин десем "30 жылдан бери" чеке ысый" элек" деп кайра-кайра өзүңөр жазасыңар. Ал эми бүгүнкү бийлик тууралуу кеп козгосок, экономика, социалдык маселелерди ошол тармактын адистери жазып берсин, мени ынандырбаган маалымат тармагына эле токтолуп берейин. Ар ким билгенин айтыш керек чынында. Эдил Байсалов биздин тармакты "маймыл" деди. Ага деле арданган жокпуз. Эми чыныгы "маймылдарды" аныктайлы...

Эки күндөн бери Өмүрбек Текебаевдин айланасындагы окуялар элдин көңүлүн бурду. Чынында ал кишинин өзүнүн күчтүүлүгүнөн айланасында пиар менен алектенгендерге өтө жеңил. Бүгүн кол көтөргөндөр кечирим сураган экен. "Кечирдим, бирок, уюштуруучуларды сотко берем" дептир. Бул "тамагың жакты, бирок боткоңду өзүңө жегизем" деген эле сөз. Өмүрбек Текебаев ого бетер жарга такап койду. Бул учурда бийликтин позициясы кандай болду?

Президент Садыр Жапаров ушуну менен экинчи ирет журналист Аслан Сартпаевге маек берип (буга төмөндө токтолобуз), "көчөдө жүргөн эле балдар экен" деди. Муну менен элди эки анжы ойго жол салып койду. Бирок, Текебаевге кайра шаардык кеңештин депутаттары кечирим сурап келип жатат. Демек, шаардык кеңештин эмне кереги бар, эгер алар көчөдө жүргөн эле балдардан куралса деген суроо турат.

Кечээ Президенттин аккаунтунан ушул эле саясатчыны каралаган фейк маалымат чыгарылып, кайра өчүрүлгөнүн билесиздер. "Президенттин баракчасы эмес" дейли десек, тиешелүү белгиси бар экенин журналисттер тактады. Демек, өзү болбосо дагы, ким отурган болсо Президентке бут тозду. Бул уятпы, албетте уят.

Бүгүн Мелис Абдыбаитов деген жигит "Абамдын фейсбук баракчасын эми мен карайм" деген мааниде пост жазды. Айрым журналисттер Президенттик администрациядан такташса "дүйшөмбү күнү такталышы мүмкүн" дегендей жооп берилиптир дегендей дагы оң-тескери маалыматтар тарады. Мелис Абдыбаитов "сабаттуу менен сабатсыздардын таландысында калдым" деп пост жазып, бирок, маалымат таратып баштады. Дагы күдүк ойлорго жол берилди. Президент бул эң жогорку мамлекеттик кызмат орундагы адам. Анын ар бир кадамы, баскан-турганы ар бир жаран өзүнүн коопсуздугун сезгенге шарт түзүп, "эки жерде эки дегендей" эле так, ачык болгону оң. Биз, эркин адамдар аны талкууга алып же ар кандай, албетте маданияттуу түрдө пикир билдиришибиз мүмкүн. Ал эми айланасы күдүк ойлорду четке кагып, анын имиджин күн сайын оңдогонго салым кошкону оң болот. Фейсбуктагы "самсаалаган" баракчалар тууралуу болсо айта берип тажадык. Сооронбай Жээнбековдун тушунда ал киши интернет менен чатагы жоктугунан баракча ачтыра албай айлабыз кеткени эсибизде. Садыр Жапаровдун тушунда ашык баракчаларды жаптыра албай куурадык. Жөнөкөй жарандар түгүл, журналисттер ал кишинин пикирлери менен смайлиги "өзүнүкүбү же жокпу" деп баштары айланчу болду.

Ал эми ал кишинин кечээ жарык көргөн Указы тууралуу алдыга кеткен пиар такыр одоно. Биринчиден, Указда Жогорку Кеңештин депутаттарынын айлыктарын кыскартуу тууралуу сөз жок экен. Аны бүгүн журналисттер кайрадан окуп чыгып, ооздорун ачып отурушат. Экинчиден, "Президенттин кезектеги калпы" деген тынчыбай келе жаткан "көчө сөздөргө" дагы орун берилди.

Эми жогоруда сөз болгон Аслан Сартпаевге берген маек боюнча бир жагдай. Аслан Сартпаев кесиптешим менен талаш жагдай дагы жок, өтө сыймын. Өзү да жокко чыгарбайт. Мен мисал катары гана келтирип жатам. Өзү деле туура түшүнөт деген ойдомун. Журналисттер көп. Редакциялары чоң, кичине, бюджеттен каржыланган, башка жол менен айтор көп. Президент болсо жалгыз. Ушундай абалда акционердик коомдун жетекчисиндей болуп, бир журналистке эле кайра-кайра, чокуп-чокуп маек берген туурабы? Маалымат кызматы эмне иш кылып отурат? Ал киши бул тармакты билбейт. Билбегенден кийин мамлекет башчынын жаңылбашына шарт түзүш керекпи же жокпу? Тексттин ичиндегилерге тийишкен да жерим жок. Ал тууралуу кеп башка. Айтор, ушундай.

Мындай мисалдарды чоюп кете берсе болот. Айта турган жагдай, "бөдөнөнү сойсо дагы касапчы сойгон" оң болот. Мамлекеттин маалымат саясаты деген оюнчук эмес. Бул мамлекет башчыны кошо жаңылтпай, мамлекеттин жүргүзө турган саясатын "кыштай кынап" жүргүзө турган чоң иш. Кайсы бир чала сабат саясатчынын тыйынын алып, беш-алты журналист фейсбукка чурулдатып, пост жазгандай нерсе эмес. Абдан көңүл бурулушу керек.

Баса, өздөрү маалымат тармагы эмне экенин түшүнбөй туруп, кызыкчылыктар же дагы бир башка жагдайлардан улам бийликтин айланасына топтолуп алган пиарщиктер дагы "пайдам тийип жатабы же кесепетим тийип жатабы" деп ойлонуп коюшу керек. Фейсбукту барактап отурсаң башкасы жарашып бараткансып, караламан калкты "келесоо, жинди" деп тилдеп отургандарын окуйсуң. Ошолбу мамлекет башчыга берип жаткан жардамыңар? Айтор, суроо көп. Чарчап кеттим. А чындыгында Садыр Жапаров менен ысык-суугум жок. Маңдайына кандай жазылса ошондой саясый доорун сүрөт ал киши. Мамыркулованын посттору анын мамлекеттеги ишине тоскоол болушу мүмкүн эмес. Ошондуктан фейктер, такыр кыжаалат болбогула... дейт белгилүү журналист Канышай Мамыркулова.

Эске сала кетсек, элди кубандырып, кайра кайгыга салган Жарлыктан кийин президенттин Басма сөз кызматы төмөнкүчө маалымат таратты.

Социалдык тармактарда жана өлкөнүн маалымат ресурстарынын биринде кайсы бир Мелис Абдыбаитовду КР Президентинин жардамчысы кылып дайындаганы тууралуу маалымат тарады. Ушуга байланыштуу бул маалымат чындыкка дал келбестигин жана жалган экенин коомчулукка маалымдоону маанилүү деп эсептейбиз.

Мындай аракеттери менен айрым адамдар коомчулукту адаштырып жатат деп эсептейбиз. Жаран М.Абдыбаитов Мамлекет башчынын жардамчысы да, КР Президентинин Администрациясынын кызматкери да эмес жана С. Н.Жапаровго эч кандай тиешеси жок.

ЖМКларды жана социалдык тармактардын колдонуучуларын ишенимдүү, расмий тастыкталган маалыматка гана ишенүүнү суранабыз, - деп жазат президенттин маалымат кызматы.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости