www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

- Акыркы бир жыл ичинде жарандарга үй алып берүүнү убада кылган кооперативдердин саны өстү. Акчасын төлөп, алданып калгандары да жок эмес. Кооперативдерге ишенсе болобу?

- Өзүңүздөр билгендей, биздин дагы кооператив бар. Менин үч жылдык тажрыйбама таянып айта турган болсом, мында өзүнүн модели болот. Албетте, бир топ кооперативдер ачылып жатат, алар каржы пирамидасынын схемасы менен иштешүүдө. Азыркы учурда алданбаш үчүн алардын тарыхын караш керек.

Маселен, уюмдун жок дегенде эки жылдык тажрыйбасы болгону жакшы. Себеби, пирамидадай болуп иштеген кооперативдер эки жылга чейин рынокто жүрө алышпайт. Тез эле жабылып калышат, бул мыйзам ченемдүү көрүнүш.

Экинчиден, «мынча мөөнөттө үй ала аласың» деп кепилдик берген кооперативдерге ишенип болбойт. Тактап айтканда, «беш-алты же сегиз айда үй алып беребиз» деген уюм толугу менен каржы пирамидасы экенинен кабар берет. Анткен себеби, биздеги кооперативдеги мүчөлөр кезекке тургандан кийин кимиси канчанчы орунга жеткенин онлайн көрүп турат. Ар биринин табигый кезеги келгенде үй алат.

Мисалы, сизге «беш айдан кийин там алып берем» десе, аны аткарыш үчүн дагы үч киши табыш керек болот. Ал үч адамдын төккөн акчасынын эсебинен сизге үйдү бере алышат. Ал үч адамга дагы беш айда алып бериш керек болуп жатпайбы. Бул үчүн тогуз киши акча төгүшү талап кылынат.

Кыска убакытта мынча адамды табуу мүмкүн эмес. Ушундай жол менен баарын чогултуп алып, жыйынтыгында эч кимге алып бере албай калышат. Мында үй алгандарга салыштырмалуу ала электер он эсе көбөйүп, пирамида бузулат. Бул практикадан Россия, Казакстан өттү.

- Демек, «акчанын кайсы бир бөлүгүн төгүп, эки, беш же бир жылда үй аласың» дегендерге таптакыр ишенбеш керекпи?

- Мисалы, акыркы учурда өзүн аябай жарнамалап жаткан кооператив 800 квартира алып берип койгонун билдирүүдө. Эсептесеңиз, 800 квартира алып бериш үчүн аларга үч миңге чукул киши акча төккөн болот. Сиз азыр барып каражат салсаңыз, үч миң биринчи болуп кезекке турасыз.

Демек, бул үч миң бир кишини кийинки алты же сегиз айда баардыгын үйлүү кылыш керек. Беш айда аларды үй менен камсыз кылуу үчүн дагы тогуз миң кишини таап келиш керек. Анан бул пирамида ар дайым эле улана бербейт да.

Кооперативдин эрежеси боюнча жарандар үйдү кезеги менен алат. Ал жерде мөөнөтү так көрсөтүлбөйт, он айбы, бир жылбы, кезегиң жеткенде үйлүү болосуң. Кооперативде «мынча убакытта там аласың» деген кепилдик берилбейт. Бизде үч жарым жылда 172 мүчөбүз үй менен камсыз болду.

Мындан тышкары, негизги мотор болгон топтоо программабыз бар. Анда кезекке тура элек жарандар каражаттарын топтоп, чогултуп жатышат. Ушундай схема менен иштеген кооперативдерге ишенип, каражат салса болот.

- Кооперативден чыгып кетсе болобу, каражаты кайтарылабы?

- Албетте, эгер жаран кезек күтүүдөн баш тартып, «уюмдан чыгам» десе, акчасы кайтарылыш керек. Орто жерге келип калган адам кетүүнү кааласа, ордуна кирем деген жаран акчасын берип, анын ордун сатып ала алат. Аягына кезекке турганча, ортодон кирген жакшы да.

Булак: Азия News гезити

Последние новости