www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кой-Таш окуясында биздин милиция кызматкерлери өздөрүнүн профессионалдык деңгээлин татыктуу көрсөтүштү деп ойлойбуз. Ошол күндөрү эл арасында түшүндүрүү иштерин туура жүргүзүп, экс-президент А.Атамбаевди кармоо операциясы ИИМдин министринин жетекчилиги алдында так жана кылдаттык менен эч бир жаран жабыр тартпастан ишке ашырылган.

Бирок ИИМдин министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов Кой-Таштагы окуяда өзүнүн кыймыл-аркети менен курал-жарактарды бирден кармап, санап, тергөө тобунун жүргүзө турган иш-амалдарына тоскоолдук кылды деп эсептейбиз. Себеби, ал жерде Курсан Асанов өзүнө бөлүнбөгөн милдеттерди жасап, аша чаап жиберген. Азыркы учурда карапайым эл арасында дагы ар кандай сөздөр талкууланып, Курсан Асановдун профессионалдык деңгээлинин төмөндүгү айтылууда.

Биз Жалал-Абад ОИИБнин ардагерлери жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу экс-президент А.Атамбаевди кармоо операциясында Курсан Асановдун аны менен сүйлөшкөнүн, үйдүн ичиндеги жана сырттагы кыймыл-аркеттерин көрүп туруп, тергөө процессине озгөчө маанилүү  болгон пакеттеги баалуу буюмдардын жок болушу милициянын беделине шек келтирди деп баалайбыз.

7-8-августтагы окуяларда Курсан Асановдун кыймыл аркеттери боюнча жүргүзүлүп жаткан сотко чейинки өндүрүш  иши обьективдүү, ар тараптуу, калыс каралып, эгерде анын күнөөсү  тастыкталса, мыйзам чегинде жооп берүүгө тийиш.

Капарбек Исаков - Жалал-Абад ОИИБнин Ардагерлер кеңешинин төрагасы

Последние новости