www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 13-сентябрда, өлкөнүн финансы министри Бактыгүл Жеенбаеваны кабыл алды.

Министр Бактыгүл Жеенбаева мамлекеттик финансыларды башкаруу чөйрөсүндөгү азыркы абал боюнча маалымат берди.

Атап айтканда, Президент республикалык бюджеттин чыгаша жана киреше бөлүгүн аткаруунун жүрүшү, салыктык кирешелердин түшүүсү, сот-укуктук реформаны, ипотекалык насыялоону, райондук маанидеги жолдорду, социалдык турак жай объектилерин курууну, күз-кыш мезгилине даярдык иш-чараларын каржылоо, жергиликтүү бюджеттердин киреше потенциалын жогорулатуу жана аймактарды өнүктүрүү боюнча маалымат алды.

2019-жылдын август айынын жыйынтыктары боюнча бажы жана салык жыйымдарын чогултуу боюнча оң динамика байкалып жатканы, бюджеттин киреше бөлүгүн аткаруу камсыздалганы белгиленди. Бажы процедураларын автоматташтыруу жана салык процедураларын фискалдаштыруу боюнча иштер активдүү жүргүзүлүүдө.

Министр белгилегендей, райондук борборлордун жана шаарлардын жолдорун капиталдык оңдоп-түзөөнү убагында бүтүрүү, автомобиль жолдорун жана көпүрөлөрдү куруу жана реконструкция боюнча чаралар көрүлүп жатат — бардыгы болуп узундугу 139,8 км. Жол куруу иштерин жүргүзүүгө 790,4 млн сом каражат керектелди, бүгүнкү күндө республикалык бюджеттен 600 млн сом акча каражаты бөлүндү.

Президент Сооронбай Жээнбеков экономикалык өнүгүүнүн сапаттуу өндүрүш инфраструктурасын түзүү үчүн таза суу менен камсыз кылуу, ирригацияны өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү боюнча мамлекеттик программаларды каржылоо өзгөчө мааниге ээ экенин дагы бир жолу баса белгиледи.

Мамлекет башчысы ошондой эле бюджеттин киреше бөлүгүн толугу менен аткаруу, адилеттүү жана көз карандысыз сот системасын курууга багытталган сот-укуктук реформаны камсыздоо боюнча жумуштарды өз убагында каржылоонун маанисин белгиледи.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости