www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри, милициянын генерал-майору Кашкар Джунушалиев жана  Иран Ислам Республикасынын Ички иштер министри Абдолреза Рахмани Фазли "Ата-Бейит" тарыхый-мемориалдык комплексине барышты. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Иран ИИМнин башчысы жана Кыргызстандын  ИИМ министри 1916-жылкы каргашалуу окуяларда курман болгондордун  мемориалына,  саясий репрессиялардын курмандыктарынын эстелик-мемориалына гүл коюшту.

Делегациянын  өкүлдөрүнө "Ата-Бейит"  мемориалдык комплексинин тарыхы жөнүндө айтып беришти. 1937-жылы 137 адам атылган, 70 жылдан кийин кайра жерге берилген, ал эми 1991-жылы алардын элесине арналып, ушул мемориал тургузулган. Бул жерде Жусуп Абдрахманов, Төрөкул Айтматов, Касым Тыныстанов жана башка чыгаан мамлекеттик жана коомдук ишмерлердин сөөктөрү коюлган. Чыңгыз Айтматовдун сунушу менен мемориал "Ата-Бейит" деп аталган.

Ошондой эле, министрлер жана делегациянын өкүлдөрү улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун көрүстөнүнө гүл коюп, эскеришти.

Булак: "NazarNews.kg"

Последние новости