www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«РИА Новости» агентиги “Президент Владимир Путин 20 жылдан кийин Дагестан аскерлери менен ичкилик ичти” деп жазып чыкты. Ага таянсак, Орусия президенти менен болгон түз байланыш учурунда, анын ичилбей калган бокалы дагы деле турганын эскертишкен. 

Ал окуя, 1999-жылы Путиндин Дагестанга жасаган алгачкы иш-сапарында болгону баяндалат. Анда, Басаев менен Хаттаб баштаган  бандиттик топ өлкөгө чабуул жасаган мезгил болгон. Согушкерлер чабуулун чагылдыруу боюнча пресс-борбордун ошондогу жетекчиси Абдулманап Мусаев, “Биз качан жеңгенде ичебиз” деген сөзү менен Путин стаканына тийбеген боюнча столго койгонун эскерет. 

Ал эми ушул жылы президентке, түз байланышка чыгып ал учурду эсине салышканда, Путин ошол 20 жыл мурда ичпей кеткен ичимдигин ичүүгө сөз берген.  Ошентип кечээ, 12-сентябрда Чеченстандагы террордук топтордун жок кылынгандыгынын 20 жылдыгына арналып тургузулган эстеликти ачуу үчүн кайрадан Дагестанга барган учурда, Путин  ичилбей калган стаканын кармады.

Булак: "NazarNews.kg"

Последние новости