www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Капаровду камап, капчыгын кагышты

Ош облустук соту ага-ини Сооронбай Жээнбеков менен Асылбек Жээнбековду «мамлекеттин 3 миллион долларын жок кылып жиберген» деп айыптаган милициянын полковниги Абдылда Капаровду өткөн аптада төрт жылга жатак абакка кести. Облусттук соттон билдиришкендей, Капаров Кылмыш-жаза кодексинин 338-299-беренелери менен күнөөлүү деп табылды.

Ошондой эле Жээнбековдордун пайдасына 244 600 сом өндүрүү тууралуу өкүм чыкты. Абдылда Капаров былтыр Жээнбековдорду “2010-жылы өкмөт бөлгөн 3 миллион долларды июнь окуясына жумшаган болушу мүмкүн” – деп айыптап чыккан. Бирок Жээнбековдор бул айтыпгандарды четке кагып, Капаровду сотко берип утуп алышкан.

Ош шаардык соту аны бир жылга түзөтүү колониясында жазалоо тууралуу өкүм чыгарган. Капаров бул өкүм менен макул эместигин билдирип, облусттук сотко кайрылган болчу. Бирок ал каралбай, жазасы дагы көбөйтүлдү.

Булак: “Фабула”

Последние новости