www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тайсалдап кебин так айталбаган чыгаандар чыдамыңды кетирчуү болушту. Мына Казакстан аркылуу 25-мартта Кыргызстанга кайтып келе жаткан Садыр Жапаров менен учурашууга келе жаткан тарапташтарына жолуктурбай, УКМК башчысы Абдил Сегизбаев өзү тосуп алып, жол тандабас унаалардын коштоосунда алып кеткен эле.

Көрсө тээ 2013-жылдагы Кумтөр маселесин козгоп чыккан Саруу окуясы тууралуу Садыр мырзадан сурашмакчы болушкан экен. Билсеңер анда жаалданган жаштар, ошол учурдагы кыргыз өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү Эмилбек Каптагаевди барымтага алышкандыгы тууралуу маалыматтар чыкпады беле.

Анда бул шойкомдун башында Жапаров турарын Каптагаев айтып чыккан. Мына ошол маселеге убагында көңүл бурбаган чекисттер териштирип баштаган.

Бирок ошол эле учурда Эмил аксакал Садыр мырзага карата арыз жазбагандыгын, атүгүл андай оюу даты болбогондугун айтып өз сөзүндө “Мени барымта­га алууну Садыр уюштурду дегидей менде далил жок. Ошентсе дагы анын мында түздөн-түз кыйыр ттүрүндө катыштыгы бар экендигин мурда деле айтып, жазып келгем. Азыр деле ошону кайталайм, бул факт” дебеспи.

Ой тобоо, бул эмне деген жооп. Бир туруп далил жок десе, кайра анысына орусчалап “бул факт” - деп өз сөзүнө өзү  карама-каршы сүйлөгөнүнө жол болсун. Муну менен так кесе айта албай, эки ача сүйлөп кимдир бирөөлөрдүн башын айланткысы келгендей.

Балким, Жапаров айтып келгендей бул шоуну чындап эле Каптагаев өзү уюштурганбы? Ошондуктан тергөө таза өтө турган болсо “бычылып” калбайын дегендегиси болсо керек. Андай болбосо бул маселенин үстүндө “мени менен эсептешесиң” дегендей кылып, бул бийликке каңкуулап жаткандагысыбы...?

Деги эле кийинки учурдагы саясий шоулар, жалпы кызыкчылыктан жеке кызыкчылыкка көбүрөөк ыктачу болду. Күтө туралычы кимиси утулуп, кимиси кутулуп, кайсынысы тутулат болду экен. Ал эми бүгүнн, Биринчи май райондук сотунда саат:15:00до митингде камалган он эки адамдын соту башталат. Кызыккандар барып катышсаңыздар бо­лот. Алардын арасында Жапаровдун бир баласы да бар.

Булак: “Ачык саясат плюс”

Последние новости