www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Каптагаев каптап кирди, камактагы саясатчы Садыр Жапаровдун иши боюнча башкы прокурорго ачык кат жазды. Анда Ысык-Көл облусунун мурдагы губернатору Каптагаев өзүн барымтага алуу боюнча Садыр Жапаровдун катышын тастыктаган бир да күбө болбогонун жана эч кандай дооматы жок экенин билдирди.

Ал Садыр Жапаров Кенжебек Жумабаев аттуу адамдын көрсөтмөсүнүн негизинде абакка кесилгенин, Жумабаев жалган көрсөтмө бергени боюнча видео кайрылуу жасаганын белгилеген. Каптагаев ошондой эле Жумабаев бул иш боюнча күнөөлүү деп табылып, сегиз жылга соттолгонуна карабай эркиндикке жүргөнүнө көңүл бурган. Ошондой эле ал бул ишти тергеген тергөөчүлөрдүн жоопкерчилигин кароого чакырган.

Кумтөр маселесине байланыштуу өкмөткө каршы чакырыктары менен белгилүү болгон Садыр Жапаров «2013-жылы Караколдо митинг уюштуруп, Ысык-Көлдүн ошол кездеги губернатору Эмилбек Каптагаевди барымтага алган» деген айыптын негизинде 2017-жылдын мартында камакка алынган. 2018-жылы июнь айында 11 жыл, алты айга кесилген. Жакында Чүй облустук соту Садыр Жапаров жаза мөөнөтүн кыскартуудан баш тарткан. Анын тарапкерлери саясий куугунтук болуп жатканын айтып жүрүшөт.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, «NazarNews.kg»

Последние новости