www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кара-Балта шаарындагы спирт заводу кайрадан ишке кирди

Кара-Балта шаарындагы спирт заводу кайрадан ишке кирди. Бул тууралуу Кара-Балта шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, ишкана 2020-жылдын 30-июлунда ишин баштап, 50 тонна этил спиртин чыгарганга жетишти.

Күн мурун, 6-августта расмий ачылуу иш-чарасына Кыргыз Республикасынын айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Эркинбек Чодуев, Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун (ММБФ) төрагасы Жылдызбек Исакулов, өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Элкинбек Аширбаев, Жайыл районун акими Турусбек Ногоев, Кара-Балта шаарынын мэри Данияр Шабданов, акимдин биринчи орун басары, Кара-Балта спирт заводунун директору Таалайбек Далбаев жана башкалар катышкан.

Завод директору Таалайбек Далбаевдин айтымында, заводдон чыккан продукция 100 пайыз Россияга экспорттолот. Россиянын Коргоо министрлигинин ишканалары менен келишим түзүлгөн.

Белгилей кетсек, 1942-жылы "Кара-Балта спирт заводу" мамлекеттик ишканасы Кара-Балта кумшекер комбинатынын базасында уюшулган.

1992-жылы Кара-Балта комбинаты приватташтырылып, 2000-жылы "Бакай Инпак" аттуу ишканага бөлүнгөн.

2014-2015-жылдары 62993,5 миң сомго чейин спирт продукциясы чыгарылган. Акыркы беш жылдан бери заводдун иши токтоп турган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости