www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Чүйдө каракчылыкка шектүүлөр кармалганын облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 13-июлда Жайыл РИИБге Кара-Балта шаарынын эки тургуну арыз менен кайрылып, түнкү саат 03:00 чамасында белгисиз адамдар тарабынан күч колдонулуп сабалып, бычак менен коркутуу жолу аркылуу уюлдук телефондору ачык түрдө тартып алынганын билдиришкен.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренеси («Каракчылык») менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары башталган.
Кылмышка шектүү катары М.З.З. (2005-ж.т.), З.И.Н. (2007-ж.т.), Ж.А.Р. (2010-ж.т.) жана А.А.А. (2011-ж.т.) аттуу жарандар кармалып, алардын экөө Жайыл РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Учурда кылмыш иши боюнча бардык жагдайларды аныктоо максатында тергөө амалдары улантылууда.