www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Демократиялык Конго Республикасында (ДР Конго) Эбола вирусун жуктургандардын саны 1873кө жетти. Алардын 672си каза болгон. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги 12-июлда жарыялаган акыркы отчетунда билдирди.
Маалыматка ылайык, оору өлкөнүн 26 провинциясынын бешөөндө – Итури, Түндүк Киву, Түштүк Киву, Жогорку Уэле жана Чопо провинцияларында катталган. Жогорку Уэле менен Чопо провинциялары улуттук эпидемиологиялык отчетко алгачкы жолу киргизилди.
Адистердин иликтөөсүнө ылайык, бул эки провинцияда аныкталган учурлар Итури провинциясындагы негизги очок менен байланыштуу. Вирустун жайылышына калктын көчүп-конушу жана оорулуулар менен байланышта болуу себеп болгону белгиленди.
Отчетто ошондой эле 763 бейтап дарылануудан кийин ооруканадан чыгарылганы айтылат. Учурда атайын дарылоо жайларындагы керебеттердин 95,1 пайызы бейтаптар менен толтурулган.
Мындан тышкары, акыркы маалымат боюнча 299 шектүү учур катталып, алардын 91и өлүм менен аяктаган. Жалпысынан 306 адам илдеттен толук айыгып чыкканы маалымдалды.