www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Министрлер кабинети мамлекеттик менчиктеги жер тилкелерин берүү тартибине өзгөртүү киргизүүнү сунуштады. Тийиштүү токтом долбоору коомдук талкууга коюлуп, Ченемдик-укуктук актылардын долбоорлорунун бирдиктүү порталында жарыяланды.
Документке ылайык, президенттин чечими же тапшырмасынын негизинде улуттук инвестициялык жана мамлекеттик маанидеги долбоорлорду ишке ашыруу үчүн мамлекеттик жер тилкелери жеке жана юридикалык жактарга, анын ичинде чет өлкөлүк жарандарга жана чет өлкөлүк компанияларга 50 жылга чейинки мөөнөткө убактылуу пайдаланууга берилиши мүмкүн. Мындай укук бир жолку төлөмдүн негизинде берилери көрсөтүлгөн.
Мындан тышкары, долбоордо жер тилкесин убактылуу пайдалануу (ижара) укугун күрөөгө коюуга уруксат берүү сунушталган. Бул инвесторлорго ижара укугун каржылык камсыздоо катары колдонууга мүмкүнчүлүк түзүшү мүмкүн.
Демилге азырынча токтом долбоору катары гана сунушталды жана коомдук талкуудан кийин өзгөртүлүшү же толукталышы мүмкүн. Документ кабыл алына элек.
Эгер сунушталган өзгөртүүлөр күчүнө кирсе, мамлекеттик жерлерди ири инвестициялык долбоорлор үчүн узак мөөнөткө пайдаланууга берүү тартибине жаңы механизмдер киргизилет.