www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинде жүн иштетүү тармагын өнүктүрүү маселелерине арналган жолугушуу өттү.
Ага Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – министр Эрлист Акунбеков катышты.
Жолугушууга жүндү кайра иштетүү тармагында иштеген ишкерлер, кайра иштетүүчү ишканалардын, министрликтин түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жана тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышты.
Жыйындын жүрүшүндө өлкөдөгү жүн өндүрүү жана кайра иштетүү тармагынын учурдагы абалы, негизги көйгөйлөрү, өндүрүштү өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрү, продукциянын сапатын жогорулатуу, инвестиция тартуу, экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү жана мамлекеттик колдоо чаралары талкууланды.
Ошондой эле катышуучулар өндүрүштү кеңейтүү, чийки затты натыйжалуу пайдалануу жана тармактын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу боюнча сунуштарын билдиришти.
Жыйынтыгында айтылган сунуштарды эске алуу менен жүн иштетүү тармагын мындан ары өнүктүрүүгө багытталган тиешелүү чараларды ишке ашыруу боюнча макулдашууларга жетишилди.