www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кара-Балтада спецназдан качкан Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын үч өкүлү УКМКга өздөрү келди. Бул тууралуу ишенимдүү адамдар кабарлашты.

Маалым болгондой, алар мамлекеттик комитеттин тергөөчүсүнө 30-мартта келишкен.

Эске салсак, 19-март күнү Кара-Балтада "Альфанын" атайын дайындоодогу бөлүгү милиционерлерди токтотуу максатында асманга жана автоунаанын дөңгөлөгүнө ок аткан. Бул күнү Чүйдөгү Баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын үч кызматкерин кармоо операциясы жүрмөк. Алар пара алууга шектелип жаткан. УКМК өкүлдөрү алгач асманга ок чыгарып, андан соң милиционерлер отурган машинанын дөңгөлөгүнө ок аткан. Укук коргоо кызматкерлери автоунаа менен из жашырып, кийин аны таштап качып кетишкен. Бири Жайыл РИИБинин кызматкери болсо, экөө Чүй ОИИБдин Баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматында иштээри айтылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости