www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Польшада жайгашкан "Тажикстандагы саясий туткундарды жана барымтадагыларды куткаруу боюнча жарандык комитет" тажик өкмөтүн "Крокустагы" терактка шектелгендердин ишин биргелешип иликтөө үчүн Орусияга тергөөчүлөр тобун жөнөтүүгө чакырды.

22-марттан бери Тажикстандын сегиз жараны теракт жасаган деген айып менен камакта. Негизги төрт айыпталуучу катуу кыйноого алынып, сотко жеткирилгени маалым.

"Кармалгандар шектүү экенин жана алар үчүн жазаны сот гана аныктай турганын, калган бардык ээнбаш аракеттер мыйзам ченемдерине каршы келерин эскертебиз", - деп айтылат комитеттин кайрылуусунда.

Кайрылуунун авторлорунун айтымында, тажик тарап өз алдынча иликтөө жүргүзүү жана шектүүлөрдун укугун камсыздоо үчүн тергөө материалдары менен таанышууга тийиш.

Тажик парламентинин депутаты Саиджафар Усмонзода "Озоди" радиосуна өлкөнүн коопсуздук органдарынын өкүлдөрү иликтөө иштерине тартылганы жана атайын топ Москвага учуп кеткенин билдирди.

Комитет ошондой эле орус өкмөтүн "Крокус" трагедиясынан кийин тажик мигранттарына көрсөтүлүп жаткан куугунтуктарды жана кысымдарды токтотууга чакырды.

22-мартта Москвадагы концерттик залда теракт болгон. Анда камуфляж кийген төрт кылмышкер туш келди ок чыгарган жана борбор өрттөнгөн.

Кол салуу үчүн жоопкерчиликти "Ислам мамлекети" радикал тобу өз мойнуна алган. Федералдык коопсуздук кызматы калабага байланыштуу 11 шектүү кармалганын билдирген. Алардын ичинен тажикстандык төрт киши "терактты ишке ашырууга" шек саналып эки айга камалган.

Андан сырткары "кол салууга байланышы бар" деген шек менен Исроил Исломов уулдары Аминчон жана Диловар менен камалды. Ошондой эле теги кыргызстандык, орус жараны Алишер Касимов да кармалды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости